Адамдын адеп-ахлактары

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат:
«Адамдын адеп-ахлактары ар дайым эки жагдайда – кыйналганда же сыйлык абалында көрүнүшү мүмкүн. Эгерде бир гана жагы болсо, экинчиси жок болсо, анда (адамдын) адеп-ахлактарын билүү мүмкүн эмес. Аллах Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын адеп-ахлактарын аягына чейин жеткириши керек болгондуктан, анын жашоосунун бир бөлүгү Меккеде, бир бөлүгү Мединада өткөн. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) меккелик душмандары жеткирген катуу азап-тозоктордо чыдамдуулук көрсөткөн жана алардын катаал мамилесине карабастан, аларга чыдамдуулук жана сабырдуулук менен мамиле кылып, Алла Таала тарабынан алып келген кабарды таратууда эч кош көӊүлдүк кылган эмес. Анан Мединада ал (саллаллааху алайхи ва саллам) күч-кудуреттке ээ болуп, ошол эле душмандар колго түшүп, анын алдына келтирилгенде, алардын көпчүлүгүн кечирип жиберген. Ошондо, өч алуу күчүнө ээ экендигине карабастан, өч алган эмес». (Малфузаат, 6-том, 195-196-бет)
Анан мындай деп айтат:
«Адам Мужаахада[1] кылмайынча, дуба кылмайынча, жүрөккө тартылган парданы кетире албайт. Мисалы, Аллах Таала мындай деп айткан:اِنَّ اللّٰہَ لَا یُغَیِّرُ مَا بِقَوۡمٍ حَتّٰی یُغَیِّرُوۡا مَا بِاَنۡفُسِہِمۡБашкача айтканда, Кудай Таала улуттун башына түшкөн ар кандай кырсыктарды жана балээлерди улут өзү жок кылууга аракет кылбаса, (ал балээ-кырсыктарды) алып салбайт (13:12). Эгер кайраттуулук көрсөтпөсө, эр жүрөктүк кылбаса, анда кандайча өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Бул Аллах Тааланын өзү айткандай өзгөрүлбөс сүннөтү:وَ لَنۡ تَجِدَ لِسُنَّۃِ اللّٰہِ تَبۡدِیۡلًا(Сен Алланын Сүннөтүндө эч бир өзгөрүүнү таппайсыӊ. (33:63). Демек, биздин Жамаатыбыз болобу же башка бирөө болобу, алар Мужаахада жана дуба кылышканда гана адеп-ахлактарын өзгөртө алышат, антпесе бул эч мүмкүн эмес». (Малфузаат, 1-том 137-бет. 1984-жылы Англияда басылган)
٭…٭…٭
[1] Катуу эмгектенүү; жан талашаып аракеттенүү; өз напсисин өлтүрүү үчүн руханий машыгууларды кылуу.