Пайгамбарыбыздын улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Мусъаб • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Пайгамбарыбыздын улуу мартабалуу сахаабасы Азирети Мусъаб

Мечит Ислам дин ыйман курмандык Пайгамбар

Коронавирустан сактануу үчүн кректүү иш-чараларды көрүүгө алтын көрсөтмөлөр жана насааттар

Шахдарах Каалуний Дели Гэт Лахордун тургуну урматтуу Акийл Ахмад Батт мырзанын уулу кымбаттуу Танзийл Ахмад Батт, Равалпинди районунун мурунку Амири урматтуу Бригадир Башир Ахмад мырза жана 121-Ж.Б. Гокхувал, Файсалабаддын тургуну урматтуу Доктор Хамидуддин мырзанын каза болгондугу, маркумдарды жакшы сөздөр менен эскерүү жана гайып жаназасын окуу

2020-жылдын 6-мартында Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий(алайхиссалаам)дын V ХалифасыАзирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

2020-жылдын 6-март күнү Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде жума кутбасын окуду. Ал кутба Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Феруз Аалам мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Өткөн жума кутбасында Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху) тууралуу сөз болгон, бир аз калып кеткен бөлүгүн бүгүн айтып берем. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий(алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) Азирети Мусъаб бин Умайр (разияллааху анху) кылган кызматтарынан сөз кылып, Мединага кылынган хижраттан мурун туш келген ахвалдын тамырын айтып берген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Алла Таала кайра-кайра сиз хижрат кыла турган шаарда кудуктар жана курма бактары бар деп кабар берген. Башында ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ал Йамама деген жер болушу мүмкүн деп ойлогон, бирок бир аз убакыттан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Таала алдын ала кабарлаган кабарына ылайык ал кайсы гана шаар болбосун, аны Алла Таала Өзү мага көрсөтүп коёт деп күтө баштаган.

Бул аралыкта ажылык күндөрү келген жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Минаа өрөөнүндө болгон кезде, Ясрибден келген алты-жети киши ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен жолугушкан, аларга Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Ислам дини жөнүндө айтып берген жана Ясрибде Ислам дининин өсүп-өнүгүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сураган. Ал адамдар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрүн кунт коюп, шыктануу менен угушкан жана кийинки жылкы ажылыктын учурунда өз коомунун чечиминен кабардар кылуу убадасы менен кетишкен. Яхудийлер менен карым-катышта болгондуктан, Ясрибде отурукташкан араб уруулары Муса (алайхиссалаам)га окшош пайгамбардын чыгуусу тууралуу Библияда айтылган алдын ала кабарларды угушкан болчу. Ошентип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрүн угуп, алар дароо бул яхудийлер Пайгамбардын чыгуусу тууралуу алдын ала кабарларда айтып жүргөн ошол эле Пайгамбар деп ишенип алышкан.

Кийинки жылы Мединадагы адамдар кайрадан ажылык зыяраты үчүн келишкен жана он эки адам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын колунда Ислам динин кабыл кылышкан. Ал сахаабалар кайтып барып, күчтүү даават кыла башташкан. Алар бутпарастыкты такыр эле таштап салышкан. Тавхийд[1] жөнүндөгү даават Ясриб жарандарынын жүрөктөрүнө сиңип баштаган. Алар Ислам таалимдерин үйрөнүү үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га бир Дааватчы (Үгүтчү) жиберишин суранышкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Мусъаб (разияллааху анху)ну Дааватчы катары жөнөткөн.

Ал (разияллааху анху) жүргүзгөн ишмердүүлүктөрү менен Ясрибде тездик менен Ислам дини жайылган жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйругу менен акырындык менен башка сахаабалар дагы хижрат кылып, Ясирибге көчө башташкан. Хижраттан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Мусъаб (разияллааху анху) менен Азирети Абу Айюб Ансарий (разияллааху анху)ну өз ара диний бир тууган кылган. Азирети Мусъаб (разияллааху анху) «Бадр» жана «Ухуд» согуштарына дагы катышкан. «Бадр» согушунда Мухаажирлердин байрагы ал (разияллааху анху)нун колунда болчу. «Ухуд» согушунда Курайыш кошуунунун байрагы Азирети Талханын колунда болгон, ал Кусси бин Калааб түзгөн система боюнча согуштарда Курайыштын байрагын көтөрүүгө акылуу болгон үй-бүлөдөн болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол нерсени эсепке алып, Мухаажирлердин байрагын Азирети Али (разияллааху анху)дан алып, Талханын эле үй-бүлөсүнөн болгон Азирети Мусъаб (разияллааху анху)га тапшырган.

Азирети Мусъаб (разияллааху анху) «Ухуд» согушунда абдан баатырлык жана жигердүүлүк менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында согушкан жана Исламдын туусун ар бир көз ирмемде бийик көтөргөн. Ибн Камиййа ал (разияллааху анху)ну шейит кылган. Азирети Мусъаб (разияллааху анху)нун жүрүм-туруму Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га окшош болчу, ошон үчүн ал (разияллааху анху)ну шейит кылып, Ибн Камиййа мен Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды өлтүрүп салдым деп кыйкырып чыккан. Хузур-э-Анвар ошол өлтүргүч куулук жана алдоо ою менен да ошол айла-амалды колдонгон болушу мүмкүн деди. Шейит болгон кезде ал (разияллааху анху) кырк жаш курагында же андан бир аз улуураак болчу. «Ухуд» майданында Азирети Мусъаб (разияллааху анху)ну жерге тапшыруу үчүн анын денесинде анын денесин жапчудай да кийим жок болчу. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйругу менен анын баш жагын кездеме менен жаап, буттарын чөптөр менен жабышкан.

Бир жолу ооз ачаар убактысында Азирети Абур-Рахмаан бин Ауф (разияллааху анху)нун алдына тамак алып келингенде, ал (разияллааху анху) Азирети Мусъаб (разияллааху анху)ну эстеп, Мусъаб (разияллааху анху) менден жакшыраак болчу, ал бир эле жамыныч менен кепинделген деп айткан. Ошондой эле Азирети Абур-Рахмаан бин Ауф (разияллааху анху) Азирети Хамза (разияллааху анху)ну дагы эстеп, ыйлай баштаган, а түгүл тамак да ичпей койгон.

Азирети Хубааб бин Арт (разияллааху анху) дагы Азирети Мусъаб (разияллааху анху)нун курмандыгын суктануу менен эстеген. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Мусъаб (разияллааху анху)ну өзүнүн он төрт сардарларынын бири катары санаган. Азирети Аамир бин Рабиъа (разияллааху анху) мен Мусъаб (разияллааху анху)дан ашкан адеп-ахлактуу инсанды көргөн эмесмин деп айткан.

Ухуд согушунан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединага кайтканда, Азирети Мусъаб (разияллааху анху)нун жубайы Азирети Хаманах (разияллааху анхаа) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келген. Адамдар ага анын бир тууганы Абдулла бин Жахаш (разияллааху анху) жана таякеси Азирети Хамза (разияллааху анху)нун шейит кеткендиги тууралуу кабар беришкенде, ал сабыр кылып, алардын кечирилиши үчүн дуба кылган. Андан кийин Азирети Хаманах (разияллааху анхаа)га анын күйөөсү Азирети Мусъаб (разияллааху анху)нун шейит болгонунан кабар беришкенде, ал ыйлай баштаган жана тынчсызданган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Азирети Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аялзаты үчүн анын күйөөсү өзгөчө бир орунга жана даражага ээ болот деп айткан.

Кутбанын экинчи бөлүгүндө Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Жамаат мүчөлөрүнө коронавирус жана ага тиешелүү алдын ала чараларды колдонууга насаат кылды. Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) анын алдын алуу үчүн белгиленген даарылар ал оорунун дабасы болушу мүмкүн, антпесе ал азыркыга чейин эч ким билбеген оору.

Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) калың элдүү жайлардан сактануу жана грипп, температура жана дененин оорусу сыяктуу белгилер пайда болгондо мечитке келбей эле коюуга насаат кылды. Чүчкүргөндө, кол аарчы колдонуу жана таза байпак кийүү менен бирге беш маал даарат алып, намаз окуунун пайдаларынан сөз кылып, Хузур-э-Анвар Алла Таала тазалыкка ушундай шарттарды түзүп койгон, аны менен тышкы жана ички – эки түрдүү тазалык болуп калат деди.

Кол алышып көрүшүү тууралуу Хузур-э-Анвар бүгүнкү күндөрдө андан абайлоо керек деп айтылып жатат. Туура, кол алышып көрүшүү менен алака-байланыш күчөйт, сүйүү-махабат өсөт, бирок ушул оорунун айынан андан оолак болуу эле жакшы деди. Хузур-э-Анвар мындай деди: азыр ушул дүйнөкорлор кол алышып саламдашуудан баш тартып жатышат, ушинтип коронавирустан сактанышууда. Алар Алла Тааланын с­өзүнө кулак салууга даяр эмес болчу, бирок ушул жугуштуу оору алардын көңүлүн бул жакка бургузуп койду. Алар Алла Таалага дагы көңүлүн бурушсун деп дуба кылабыз. Ушул жугуштуу оору дагы канча жайылышын жана кайсы жерге чейин кетишин, жана Алла Тааланын тагдыры эмне экенин Алла Таала гана жакшы билет. Бирок, эгер ушул оору Алла Тааланын нааразычылыгы себебинен пайда болгон болсо – мисалы биз ушул доордо байкагандай, Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) келгенден кийин жер титирөөлөр, жугуштуу оорулар, кеселдер, топондор ж.б. аябай көбөйүп кеткен – андай болсо, Алла Тааланын тагдырынан сактануу үчүн ар бир Ахмадий мусулман Алла Таалага кайрылып, дубаларды суроо жана өзүнүн руханий абалдарын жакшыртууга көңүл буруусу зарыл. Дүйнө үчүн да дуба кылуубуз керек. Алла Таала аларды дагы туура жолго багыттасын.

Кутбасынын үчүнчү бөлүгүндө Азирети Амирул-Му’минийн (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) үч жаназа намазын окутаарын жарыялап, маркумдарды жакшы сөздөр менен эскерди.

А дегенде Лахор шаарына караштуу Дели Дарбазасында жайгашкан Шахдара конушунун тургуну Акийл Ахмад Батт мырзанын уулу кымбаттуу Танзийл Ахмад Баттты жакшы сөздөр менен эскерди. Ал он бир жашта болчу. 27-февраль күнү анын кошуна аялы ал бейкүнөө жаш баланы ырайымсыздык менен шейит кылды. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Хузур-э-Анвар мындай деди: менин назарымда бул шейиттик, мен аталган маркумду шейиттерден деп эсептеймин. Пакистанда молдолор чыгарган фатваларынын айынан Ахмадий мусулмандарды өлтүрүү аябай жеңил болуп калган. Кымбаттуу Танзийл Ахмад Вакф-э-Нау деген куттуу кыймылынын мүчөсү болчу жана Атфаалул-Ахмадия деген уюмдун активдүү мүчөсү болчу.

Андан кийин Равалпинди районунун мурунку Амири урматтуу Бригадир Башир Ахмад мырзаны жакшы сөздөр менен эскерди. Ал Доктор Мухаммад Абдулла мырзанын уулу болчу. 16-февраль күнү 87 жаш курагында каза болду. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Маркум Мусий болчу. Анын артында жубайынан тышкары эки уулу жана үч кызы калды. Маркум 1952-жылы Пакистандын аскер кызматына кирип, 1982-жылы бригадир катары пенсияга чыккан. 2012-жылы маркум Равалпинди Жамаатына Амир катары дайындалган. Андан тышкары, «Фазли Умар Фонду» жана «Мажлис Шуураанын» (Кеңеш Жыйыны) бир топ комитеттерине мүчө болчу. Маркум намаз жана орозолорду калтырбай аткарчу, Курани Карим, хадистер жана Руханий Хазайинди аябай көп окуган инсан болчу.

Эң аягында Файсалабад районуна караштуу 121-Ж-Б Гокхувал айылынын тургуну Доктор Хамидуддин мырзаны эскерди. Ал 2020-жылдын 29-февралында каза болгон. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Маркум Танзанияда Жамаатыбыздын миссионери катары кызмат кылып жаткан Каримуддин Шамс мырзанын атасы болчу. Каримуддин Шамс мырза диний кызматтар менен алек болгондугу үчүн атасынын жаназа намазына катыша албай калды. Маркум аябай такыба, мүнөзү жөнөкөй, намаздарды калтырбай аткарчу жана Алла Тааланын белгилерин сыйлоочу инсан болгон. Хузур-э-Анвар Алла Таала маркумдарды кечирип, аларга ырайым кылсын жана даражаларын жогорулатсын деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

[1] Алла Тааланын Жалгыздыгы.

Share via