Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Бадр согушуна катышкан сахаабалар (разияллааху анхум)дун куттуу мүнөздөрүнүн баяны

Жума кутбасы сахаба, пайгамбар, ыйман, Бадр согушу

2019-жылдын 20-сентябрында Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Морденде жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Англияга караштуу Морденде жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасы Эл аралык МТА (Ахмадия Мусулман Телевидениясы) аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү. Ал кутбанын бир топ тилдердеги котормосу да түз эфирден берилди. Азан айтуу бактылуулугу урматтуу Файзан Раажпут мырзага насип этилди.

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Бүгүн мен Бадр согушуна катышкан сахаабаларынын арасынан сөз кылмакчы болгон сахааба Азирети Язийд бин Рукайиш (разияллааху анху). Ал (разияллааху анху) Курайыш уруусунун Бану Асад бин Хазийма үй-бүлөсүнөн болгон. Бадр согушу менен бирге бардык казаттарга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Азирети Язийд бин Рукайиш (разияллааху анху) Йамаама согушунда шейит болгон. Ал согуш 11-хижра жылы жана кээ бир тарыхчылардын айтымында 12-хижра жылы болгон. Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) ал согуш тууралуу да кеңири токтолду.

Ал согуш Мусайлма Казаабга каршы Йамаама жергесинде болгон. Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) Азирети Икарма (разияллааху анху)нун жетекчилигинде бир кошуунду жөнөтүп, ага көмөк көрсөтүү үчүн Азирети Шаржийл бин Хасанахтын жетекчилигинде дагы бир кошуунду жиберген. Азирети Икарма (разияллааху анху) Азирети Шаржийлдин келүүсүнөн мурун эле согушту баштап коюп, анан жеңилүүгө дуушар болгон. Бул жеңилүүнүн кабары Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)га жеткенде, ал (разияллааху анху) Азирети Икарма (разияллааху анху)га жеңилген бойдон Мединага кайтып келбегин, антпесе адамдардын арасында жүрөксүздүк таралып кетет, тескерисинче Умман, Мухра, Йеман жана Хазармутта баш көтөргөндөргө каршы согушкун деп жазган. Андан тышкары, Азирети Шаржийл (разияллааху анху)га Халид бин Валийд (разияллааху анху) келгиче кетпей, күтүп тургун деп да жазган.

Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) Мусайлмага каршы согушуу үчүн Ансаарлар жана Мухаажирлерден турган бир чоң сандагы адамдарды Азирети Халид бин Валийд (разияллааху анху)нун жетекчилигинде жөнөткөн. Ал согушта мусулмандар менен Мусайлманын кошуундарынын саны он үч миң жана кырк миң адамдан турган. Мусайлма Азирети Халид бин Валийд (разияллааху анху)нун келгендиги тууралуу билип, Акарбаа деген жерде отурукташып алып, жардамга адамдарды чакырган. Ал убакыт аралыгында Мужахиб бин Мараарах согушуу ниетинде бир топ адамдар менен чыкканда, мусулмандар аны шериктери менен кошо кармап алышат. Мусайлманын уулу Шаржийлдин тукуруусу менен ал уруу мусулмандарга каршы согушкан. Ушунчалык катуу согуш болгон, буга чейин мусулмандар эч качан ушундай согушка туш болушкан эмес. Ал согушта Азирети Саалим (разияллааху анху), Азирети Абу Хузайфа (разияллааху анху) жана Азирети Зайд бин Хаттааб (разияллааху анху)сыяктуу ардактуу сахаабалар шейит болушкан. Мусайлма ошол учурга чейин өзүнүн ордунан жылган жок болчу.

Азирети Халид (разияллааху анху) Мусайлма өлмөйүнчө ушул согуш токтобойт деп болжолдоп, тышка чыгып, Мубаарзаттын «Йаа Мухаммадах» деген ураанын көтөргөн. Халид (разияллааху анху) менен күрөшүүгө чыккан ар бир адам өлтүрүлгөн. Азирети Халид (разияллааху анху) Мусайлманы да күрөшүүгө чакырган, бирок ал келген эмес жана өзүнүн шериктери менен бакка барып жашынып алган. Мусулмандар даанышмандык менен бакка кирип кетишкен жана дагы бир жолу катуу согуш башталат. Акыры, Вахший менен бир Ансаар сахааба биргелешип, Мусайлманы өлтүрүшкөн. Азирети Халид (разияллааху анху) менен Мужаънын ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, Мужаънын куулугу менен бардык алтын, күмүш, айбандар жана кул менен чөйрөлөрдүн жарымы Азирети Халид (разияллааху анху)га өтсүн деген шарт менен элдешүү түзүлгөн. Йамаама согушунда аябай көп сахаабалар шейит болгондон кийин Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) Курани Каримди чогултууга буюрган.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) сөз кылган экинчи сахаабанын аты Азирети Абдулла бин Махрама (разияллааху анху) болгон. Ал (разияллааху анху) Бану Аамир бин Лой уруусунан болгон, ошондой эле Эфиопия жана Мединага болгон эки хижратка катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны Азирети Фарвах бин Амар Ансаарий (разияллааху анху)га диний бир тууган кылган. Азирети Абдулла бин Махрамах Бадр согушу менен бирге бардык казаттарга катышуу бактысына ээ болгон. Йамаама согушунда ал (разияллааху анху) кырк бир жаш курагында шейит болгон. Азирети Абдулла бин Махрамахтын шейит болуу шыктуулугу аябай күчөгөн болчу. Ал (разияллааху анху): «Эй, Алла! Алла жолунда ар бир муунума жаракат алмайынча мага өлүм бербегин», – деп дуба кылчу. Ал (разияллааху анху) аябай ибадат кылуучу инсан болчу. Хузур-э-Анвар Ибн Умар (разияллааху анху) баяндаган бир рабаятты айтып берген, андан согуштун учурунда шейит болгон кезде Азирети Абдулла бин Махрамах (разияллааху анху)нун орозо кармагандыгы маалым болот.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) сөз кылган үчүнчү сахааба Азирети Амар бин Маъбад (разияллааху анху) болгон. Ал (разияллааху анху) Ансаардын Аус уруусунун Бану Забиъа бутагынан болгон. Азирети Маъбад (разияллааху анху) Бадр согушу менен бирге бардык казаттарга катышкан. Хунайын казаты болгон күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге туруп күрөшкөн жүз сахаабанын арасында ал (разияллааху анху) да бар болчу.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) сөз кылган төртүнчү сахааба Азирети Нуъман бин Маалик (разияллааху анху) болгон. Ал (разияллааху анху) Ансаардын Хазраж уруусунун Бану Ганам бутагынан болгон. Ал киши аксап жүрчү. Ал (разияллааху анху)ну Ухуд согушунда Сафван бин Умаййа шейит кылган эле. Бир рабаятта жазылышынча, Азирети Нуъман (разияллааху анху) шейит болгон күнү: «Эй, Раббим! Күн бата электе мен аксаган бойдон жапжашыл бейиштин багында басып жүргөн болом», – деп дуба сураган эле. Ошентип, ал киши ошол эле күнү шейит болгон.

Бир жолу Азирети Нуъман (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан: «Эгерде мен парыз болгон намаздарын аткарсам, Рамазандын орозолорун кармасам, ошондой эле арам нерселерди арам жана адал нерселерди адал деп айтсам жана мындан көбүрөөк эч нерсени кылбасам, анда бейишке кирип кетемби?» – деп сураган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Ооба!» – деп жооп берген.

Кудум ушундай бир жолу ал (разияллааху анху) мечитке киргенде, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жума кутбасын окуп жаткан эле. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Нуъман (разияллааху анху)га: «Эй, Нуъман! Эки рекетти тез-тез окуп койгун», – деп айткан. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эгерде араңардан бирөө келгенде, имам-хатиб кутба окуп жаткан болсо, анда ал эки рекет намазды бат-бат окуп алсын», – деп айткан.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) сөз кылган акыркы сахаабанын аты Азирети Хубайыб бин Адий Ансарий (разияллааху анху) болгон. Ал (разияллааху анху) Аус уруусунун Бану Жахжабий бин Ауф үй-бүлөсүнөн болгон. Бадр согушунда Мужахиддердин аспаптарын көзөмөлдөө кызматы жүктөлгөн болчу. Ал (разияллааху анху) Бадр согушунда Хаарис бин Аамирди өлтүргөн эле.

Азирети Хубайыб (разияллааху анху)нун шейит болуу окуясынын негизинде Хузур-э-Анвар төртүнчү хижра жылы жүз берген Ражийъ окуясын Сахих Бухарий аттуу китептен кеңири айтып берген. Бадр согушунан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кырдаалды маалымдоо үчүн он адамдан турган бир кошуунду жөнөткөн. Бану Лихаан алда кайдан ушул кошуундан кабардар болуп калды, кыскасы алар эки жүз ок чыгаруучуну алып, ал жерге жетип барган. Жети адам шейит болгондон кийин Бану Лихаан Хубайыб менен Ибн Васна (разияллааху анху) аттуу дагы бир адамды туткун кылып, Меккеге алып барып сатып жиберген. Хаарис бин Аамирдин балдары өз атасынын өлүмүнүн өчүн алуу үчүн Хубайыб (разияллааху анху)ну сатып алышты.

Бану Хааристин туткундугунда бир күнү Хубайыб (разияллааху анху) устара сураганда, Хааристин кызы ага устара берип койду. Бир аз убакыттан кийин ал аялдын баласы Хубайыбдын жанына келгенде, ал (разияллааху анху) өзүнүн санына анын баласын отургузуп алган болот. Ал аял мен ал көрүнүштү көргөнүмдө, ушунчалык коркуп кеттим, Хубайыб (разияллааху анху) менин жүзүмдөгү коркуу сезимимди байкап калган дейт. Ал (разияллааху анху): «Мен балаңды өлтүрүп салам деп коркуп жатасыңбы? Мен андай адам эмесмин», – деген. Ал аял: «Мен Хубайыбдан жакшыраак туткунду эч көргөн жокмун», – деп айткан экен.

Кудум ошондой ал аял бир жолу Хубайыб (разияллааху анху)ну кишенденген бойдон колунда жүзүм бар экенин көргөн эле. Ал киши ал күндөрдө Меккеде эч кандай мөмө жок экенин айтат. Ал жүзүм Алла Таала Хубайыб (разияллааху анху)га тартуулаган ырыскы болчу.

Адамдар Азирети Хубайыб (разияллааху анху)ну өлтүрүү үчүн Харамдан алып кетишкенде, ал (разияллааху анху) эки рекет намаз окуу үчүн уруксат сураган. Намаз окугандан кийин ал (разияллааху анху): «Ал өлүмдөн коркот деп ойлошуңарды ойлобогонумда, мен намазды сөзсүз бир топ убакытка туруп окумакмын», – деп айткан. Анан ал (разияллааху анху): «Эй, Алла! Булардын ар бирин жок кылгын!» – деп дуба сураган. Ал (разияллааху анху) кээ бир ырларды да окуган. Азирети Хубайыб (разияллааху анху): «Эй, Алла! Сенин Пайгамбарың (саллаллааху алайхи ва саллам)га салам жолдоонун эч бир ыкмасы менде жок, Сен Өзүң менин саламымды ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га жеткирип койгун», – деген дубаны да сураган. Азирети Хубайыб (разияллааху анху)нун шейит болуу жөнүндөгү оор окуяларды Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) кээ бир башка окуялар жана үзүндүлөр да бар, аларды кийин айтып берем деди.

Андан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Ахмадия Тарыхы бөлүмүнүн сайтынын ачылуусун жарыялады. Ал сайтка урду жана англис тилдеринде Ахмадия Тарыхы жана адамдардын өмүр баяндары тууралуу жарык көргөн Жамаат материалдары жарыяланат.

Жума кутбасынын аягында Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Жамаатыбыздын экс-миссионери Сафиюр-Рахмаан Хуршид мырзанын гайып жаназасын окутаарын айтып, маркумду жакшы сөздөр менен эскерди. Ал киши 16-сентябарь күнү 75 жаш курагында каза болгон. Иннаа Иллаахи ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Урматтуу Сафиюр-Рахмаан Хуршид мырза 1970-жылы Жамия Ахмадиядан «Шахид» деген дипломду алган. Бир аз мөөнөткө чейин Жамаат кеңселеринде иштеген соң бир жыл (Пакистанга караштуу) Чакваал районунда миссионер болуп кызмат кылган. 1971- жылы ал киши Сьерра-Леонеге которулган. Маркум Сьерра-Леоне жана Нигерияда басмакананы ачкан. Кудум ошондой (Англияда жайгашкан) «Ракийм» басмаканасын ачууга да өз ролун ойногон. Он жети жыл Африка өлкөлөрүндө кызмат аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. 1991-жылдан тартып, «Нусрат Арт» басмаканасына менеджер катары кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Анан бир аз мөөнөт мурун ооруп калгандыгынан пенсияга чыккан. Анын эки аялы бар болчу. Биринчи жубайынан урматтуу Жамил Ахмад мырзанын жубайы урматтуу Раушан Аара айым аттуу кызы болгон. Ал эми экинчи жубайынан балдары болгон жок.

Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Алла Таала ага ырайым кылып, анын даражаларын жогорулатсын, ошондой эле анын кызы жана жубайына сабыр жана кайрат тартууласын деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

Send this to a friend