Кичүү жана улуу – баарыңар биргелешип иштегиле • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кичүү жана улуу – баарыңар биргелешип иштегиле

1931-жылдын 15-ноябрь күнү (Лахорго караштуу «Мазанг» деген жердеги Лажна Имааилла[1]нын мүчөлөрү Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд (разияллааху анху)нун турак-жайында ага куттуктоо сөздөрүн сунушташкан, анын жообунда ал (разияллааху анху) мындай деп айткан:

«Мен «Мазанг» (жериндеги Ахмадия) Жамаатына ыраазымын жана аларга Алла Таала тарабынан изги иштерди жасоо күч-кубатын насип этип турсун деп дуа кылам».

Кашмир[2]де жыйналган Чанда[3] жөнүндө мындай деп айткан:

«Бул ишти улантуу керек. Ушинтип, иштеп туруу менен бир жактан, адам баласы курулай нерселерден сактанат, экинчи жактан, (ага) жакшы иштерди жасоо күч-кубаты насип этилип турат. Бул үчүн бир нерсе эсиңерде болсун, бул бир-эки күндүк иш эмес, бир же бир жарым жыл же андан да көбүрөөк мөөнөт ушул иш үчүн керек болушу да мүмкүн. Эске тута турган дагы бир нерсе, Чанда жыйноого бир эле жолу аракет кылып, анан отура бербөө керек, тескерисинче (Чанда) жыйноого кайра-кайра аракет кылып туруу керек».

1931-жылдын 2-декабрында (Лахорго караштуу) «Мазанг» деген жердеги Ахмадия Жамааты Шам намазынан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын II Халифасына куттуктоо сөздөрүн сунуштаган, аны «Мазаң» (жериндеги) Ахмадия Жамаатынын төрөгасы (президенти) Миян Мухаммад Юсуф мырза окуп берди. II Халифа (разияллааху анху) буга жооп катары мындай деп айткан:

«Мазаӊ» деген жердеги Жамаатыбыз жөнүндө мага канча бир убакыттан бери келе жаткан репортаждардан белгилүү болгондой, аталган Жамаат иштөөгө аракет кылып келген. Бул жактан, силердин Жамаатыңар мактоо-алкоого татыктуу. Жамааттар ар дайым бири-бирине колдоо көрсөтүп, чогуу иштеш үчүн гана керек болот. Анткени, жамааттардын өсүп-өнүгүүсү ар дайым биргеликтеги күч-кубатында гана болот. Алла Тааланын пайгамбарларынын келүү себеби, алар аркылуу алсыздар менен алдуулар экөө тең биргелешип иштешсин. Жамааттардын арасында күнөөкөрлөр да албетте болушат, алар бар болгондугу үчүн жамааттардын иштебей коюулары дурус эмес, тескерисинче бардык мүчөлөр жапатырмак күчү менен иштеши зарыл болот. Жамааттарды түзүүнүн максаты да ошол. Ошондуктан, Алла Таала кайсы күнгө жетишүү үчүн пайгамбарларды жөнөткөн болсо, ал күн келгенче алсыздар өзүнүн алсыздыктарына жана күчтүүлөр күчтүү экендигине карабай, биргелешип чогуу иштей беришет деген үмүттөмүн.

Жамаат эки гана жол менен өсүп-өнүүгүсү мүмкүн: 1) өз ара сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк менен; 2) даваат кылуу менен. Кээ бир адамдар өздөрүн улуу (адам) деп ойлошот, ошон үчүн алар башкалар менен жолугушпайт, ошондой эле кээ бир адамдар өздөрүн пас-төмөн деп ойлошот жана өздөрүнүн ошол алсыздыгынын айынан өздөрү кадыр-барктуу адам деп ойлогондор менен жолугушпайт. Бирок, эгерде биз Алла Таала үчүн иштемекчи болсок, анда улуу-кичүүлүккө карабашыбыз керек.

Пайгамбардын жамааттарында алсыздар да болот, эки жүздүүлөр да болот. Эгерде биз кайсы бир диний иштен эки жүздүүлөрдүн себебинен чегине турган болсок, анда эки жүздүүлүктү шылтоологон болобуз. Ушул сыяктуу шылтоолорду айтып, биз бири-бирине камкор болуу жана даваат кылуу ишинен артка кайтпашыбыз керек. Баардык момун-мусулмандар өз ара бир тууган, ошон үчүн бири-бирине жардам берүү жана колдоо көрсөтүү керек. Байлар жакырлар бизге бир тууган деп ойлошуулары зарыл жана кедей-кембагалдар көп катышпаган бирөө мыкты инсан деп саналбайт деп ойлонуулары керек. Кедейлер байлар бизди пас-төмөн деп ойлошот дешет. Чындыгында, кимдир бирөө а дегенде, өзүн пас-төмөн деп ойлогондо гана башкалар жөнүндө ошондой ойлойт. Негизинен, өзүн-өзү пас-төмөн деп ойлонуу, бул адамдын өз жанынын алсыздыгы жана шылтоолору гана.

Даават кылуу өтө улуу иш. Эгер Жамаатыбыздагы ар бир  адам биз мынчалык мөөнөттө эки эсе өсүп кетебиз деп ойлосок, анда эмнеге ийгиликтүү болбойбуз дегенди мен түшүнө албайм. Алсыз-күчсүз экендигибизге карабай, Алла Тааланын берешендиги менен кандайдыр бир айбатыбыз бар. (Адамдардын башына) түшкөн ар бир балээ-кырсыкты көрүп, адамдар бул Ахмадийлердин күчтүүлүгүнүн себебинен болду деп айтышат. Бул жөнүндө эле Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айткан:

Хадис

Бул Алла Тааланын берешендиги, адамдар азыр Ахмадийлерде чоң күч бар деп моюндашат. Мурун коркок болуп, Ахмадият чынчыл болчу, бирок биз адамдардан коркуп, аны кабыл албаган элек деп айткан адамдарда азыр күч-кубат пайда болуп калды. Мындан пайдаланып, азыр алсыздарда эр жүрөктүүлүктү пайда кылуу керек жана аларга азыр биз дүйнөгө карай күчтүү болдук, эми бизге кошулуудан эмнеге коркосуңар деп айтыш керек.

Негизинен, Ахмадиятка кирүүгө кандайдыр бир (диний) маселелерден да көбүрөөк коркуу деген тоскоолдук бут тосот. Ал эми чындыкты жайылтуу үчүн силерге эч кандай тоскоолдук болбошу керек. Өзүңөрдү реформалап-оңдоого аракет кылгыла жана башкаларды да реформалап-оңдоого аракет кылгыла.

Куран

деген аяттын мааниси бул: туура эмес билдирүүлөрдү жасабагыла. Ал жакшылык кылбагыла деген маанини билдирбейт. Ден-соолугу бүтүндөй сак адамдар аз эле болот, бирок адамдардын бири-бирине ден-соолуӊарды жакшы карагыла деп айтпай коюшу мүмкүн эмес. Ушул жолдо жүргөндө, кемчиликтер да болот, бирок даваатты таштап коюнун эч бир себеби жок. Мына ошондой шылтоолор болгону азгыруу жана напсилик айла-амалдары гана.

Кыскасы, Жамаатыбыздын мүчөлөрү эки эсе болоорубузду эстен чыгарбашы керек. Эгер биз ой-ниет кылып, ишти баштасак, анда дүйнө Ахмадияга кирүүгө даяр болуп турган экен, антпесе биз тараптан эле жалкоолук көрсөтүлүп жатат жана ошондон улам гана ишибизде кемчилик бар». («Анваарул-Улуум», 12-том, 375-379-бет; («Ал-Фазл» газетасы, 27-декбарь, 1931-жыл)

[1] Ахмадия Мусулман Жамаатынын кыз-келиндерин тарбиялоо үчүн түзүлгөн тармактык уюм.

[2] Индия-Пакистандын ортосунда талаш болуп келе жаткан өрөөн.

[3] Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрү өз ыктыяры менен ай сайын дин иштери үчүн төлөп келе жаткан пул.

Share via