Ахмадия Мусулман Жамаатына каршы айтылуучу сын-пикирлердин бири • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатына каршы айтылуучу сын-пикирлердин бири

Каршылаштарыбыз Ахмадия Мусулман Жамааты мусулмандарды бөлүп-жаруу үчүн түзүлгөн деп айтышат

  1. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менин үммөтүм 73 агымга бөлүнүп кетет деп алдын-ала айткан эле. Ахмадия Мусулман Жамаатынын пайда болушунан мурда мусулман үммөтү ар кандай агымдарга бөлүнүп кеткен болчу. Мусулман үммөтүнүн ар түрдүү агымдарга бөлүнүү тарыхын тереӊ изилдеген адам жогорудагы ой-пикирибизди ырастоого аргасыз болот. Аталган Жамаат эч кимди же эч бир үммөттү бөлүп-жарган эмес, тескерисинче ал баарын бириктирүү милдетин аткарууда. Илгери хинду, христиан, яхудий, будист, ваххабий, салафий, сунний, шиит ж.б. болгон адам Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирген соң нукура мусулман үммөтү болууда.
  2. Кыргызстанда мусулмандардын Ахли суннат вал жамаат, ваххабий, салафий, шиит, нуржулар, таблиг жамааты ж.б. диний агымдар бар. Алардын баары Ахмадия Мусулман Жамаатынын каалоосу менен же талабы менен пайда болгонбу? Эгер Ахмадия Мусулман Жамаатынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынса, анда ушул бардык агымдар өз ара биригип кетишеби?
  3. Бүткүл дүйнөдө элүүгө жакын мусулман мамлекеттер бар, мисалы, Сауд Арабия, Ирак, Сирия, Мисир, Ливия, Иран, Ооганстан, Пакистан, Кыргызстан, Өзбекстан ж.б., алар өз ара бириккен эмес, алардын ортосунда чоң келишпестиктер жана кастыктар бар, Ахмадий мусулмандар айтканы үчүн алардын арасында карама-каршылыктар жана пикир келишпестиктер барбы? Кыскасы, каршылаштарыбыздын ушул сын-пикири да кудум башка сын-пикирлери сыяктуу акыйкатка каршы жана күлкүлүү.
Share via