Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ыкластуулук жана берилгендиктин көрүнүшү болгон Бадр согушуна катышкан сахаабалардын куттуу мүнөзүнүн жагымдуу баяны

Жума кутбасы сахаба, пайгамбар, ыйман, Бадр согушу

2019-жылдын 16-августунда Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) Лондондогу «Байтул-Футух» мечитинде окуган жума кутбасынын кыскача маани-мазмуну

Ташаххуд, Таъввуз жана «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окугандан кийин Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деди:

Бүгүн мен сахаабалар жөнүндө айтып берем. Биринчи кезекте Азирети Катаада бин Нуъман Ансарий (разияллааху анху) тууралуу сөз болот. Ал (разияллааху анху) Ансаардын Хазраж уруусунун Бану Зафар деген үй-бүлөсүнөн болчу. Ал (разияллааху анху) Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху)нун диний бир тууганы жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дайындаган жаа атуучулардын бири болгон. Азирети Катаада (разияллааху анху) Бадр жана Ухуд согуштары менен бирге бардык казаттарга катышуу бактысына ээ болгон. Ухуд согушу болгон күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га карата атылган октордун бири Азирети Катаада (разияллааху анху)нун көзүнө тийип, анын көзү чыгып кеткен. Азирети Катаада (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн оозундагы суусун коюп, анын көзүнө агызып, көзүн ордуна койгон, анда ал көзү экинчи көзүнөн да жакшыраак көрүп калган. Ал (разияллааху анху) 65 жаш курагында 23-хижра жылы каза болгон. Азирети Умар (разияллааху анху) Мединада анын жаназа намазын окуткан.  

Бир рабаят боюнча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «кутуум» аттуу жаасы Ухуд согушу болгон күнү аябай көп колдонулгандыгынан Азирети Катаада (разияллааху анху)нун колунан сынган деп айтылат.

Ал Азирети Катаада (разияллааху анху) айтып берген бир көлөмдүү рабаятты баяндады, анда Ансаардан болгон Бану Барик аттуу бир үй-бүлө тууралуу сөз кылынган. Ал үй-бүлөдөн болгон Башийр аттуу бир адам сыртынан караганда мусулман болгон, бирок өзүнүн ырлары аркылуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабаларынын намысына тийчү. Ал үй-бүлө бир жолу Азирети Катаада (разияллааху анху)нун авасы (атасынын иниси) Рифаъа бин Зайддын дан сакталган бөлмөсүнө кирип, дан менен курал-жарактарын тоноп кетишкен. Азирети Катаада (разияллааху анху) өзүнүн авасынын айтуусу менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га барып арызданган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бул маселеде мен кеңешкен соң кандайдыр бир чечимди чыгарам деп айтты. Бану Абирик ушул кабарды укканда, алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келип, Катаада жана анын авасы кандайдыр бир далилсиз жана күбөөсүз бизге уурулук деген жалааны жаап жатышат дешти. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Катаада (разияллааху анху)га: «Силер кандайдыр бир далили жок бир мусулман үй-бүлөгө айып тагып жатасыңарбы?» – деп сураган. Азирети Катаада (разияллааху анху): «Мен кайтып келдим жана бир аз мал-мүлктөн куруу калган болсом дагы, ага чыдап, бирок бул окуя жөнүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен сүйлөшпөсөм, жакшы болмок деп жаман ахвалда жүрдүм», – деди. Азирети Катаада (разияллааху анху) (авасына) кайтып келип, болгон окуяны айтып берди. Анын абасы Алла Таала гана бизге жардамчы деп айтты. Ушул сүйлөшүүлөрүбүздөн бир аз мөөнөттөн кийин Курани Каримдин аяттары түшкөн.

Ал Азирети Куран аяттары жана алардын котормосун сунуш кылгандан кийин мындай деди: ушул аяттардын башка маанилери да бар. Бул аяттар түшкөндө, Алла Таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га акыйкатты ачып койду. Бану Абрик да ошол аяттардын өздөрүнө таандык экенин ойлошкон. Ошентип, алар уурулук кылганын моюнга алып, уурдаган мал-мүлктү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га алып келишти. Азирети Катаада (разияллааху анху) ушул мал-мүлк карыган абамдын колуна тийгенде, ал киши аны Алла жолуна садага кылып койду деп баян кылды.

Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) мындай деп айткан: Азирети Катаада (разияллааху анху) бир жолу «Ал-Ихлаас» сүрөөсү менен түн өткөргөн, тагыраак айтканда, түн бою «Ал-Ихлаас» сүрөөсүн окуп турду. Бул тууралуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында сөз болгондо, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) «Ал-Ихлаас» сүрөөсү Курандын жарымы же үчтөн бир бөлүгүнө тете деп айткан.

Ал Азирети Абу Саламадан рабаят этилген Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху)нун төмөнкүдөй рабаятын сунуштады: жума күнү ушундай бир саат келет, ал убакытта эгер бир мусулман намаз окуп жаткан болсо жана Алла Тааладан жакшылыкты сураса, Алла Таала ага сөзсүз тартуулайт. Ал Азирети «Муснад Ахмад бин Хамбал» аттуу хадис китептин негизинде ушул рабаятты бир аз кеңири-кесири айтып берди. Аны менен бирге Ал Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын II Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун бир үзүндүсүн да окуп берди. Ал үзүндүдө Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) жума менен Рамазан айынын ортосундагы бир окшоштукту айтып, жума күнү да дубанын кабыл боло турган күнү болот жана Рамазан айы да дубанын кабыл боло турган айы болуп саналат деди.

Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айткан: эгерде бир адам намаз үчүн мечитке келсе, унчукпастан зикир чалып отурса, имамды күтүп отурса, андан кийин тынч отуруп, кутбаны укса жана жамаат намазына катышса, анда ал үчүн Алла Тааланын өзгөчө берекелери түшөт. Анан жума күнү ушундай бир саат келет, анда адам баласы сураган ар бир дубасы кабыл болот. Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) Алла Тааланын Сүннөтү жана Анын мыйзамына ылайык дубалар гана кабыл болот. Негизинен, ушул аралыкта адамзат көңүлүн башка жакка бурбай, үзгүлтүксүз дубаларды сурап турушу керек деди. Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) жума күнүндөгү кут-берекелерине жетишүү үчүн абдан катуу эмгек кылуу керек деди.

Ал Азирети эскерген экинчи сахааба Абдулла бин Мазъун (разияллааху анху) болгон. Ал (разияллааху анху) Курайштын Бану Жамх уруусунан болгон. Ал (разияллааху анху) Усман, Кудама жана Сайиб бин Маъзундун бир тууганы болчу. Бир рабаятта ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Дарул Аркамга баруусунан мурунураак Ислам динин кабыл кылган деп кезигет. Ал бардык туугандар Эфиопияга хижрат кылгандарга катышкан эле. Ал Азирети Эфиопияга кылынган хижрат, ошондой эле ал жердеги күчтүү жана адилеттүү христиан өкмөтү тууралуу да кеңири-кесири айтып берди. Эфиопияга көчүп барган Мухаажирлерге көп убакыт деле өтпөй, Курайш мусулман болушту жана Меккеде биротоло тынчтык болуп калды деген имиш аларга жетип барды. Бул мусулмандарды Эфиопиядан кайтарып алып келүүнүн бир кутуму болчу. Мусулмандар ушул имиш-кабарды туура деп, кайтып келишти. Азирети Абдулла бин Маъзун биринчи хижраттан кайтып келген болчу, кайра барган же барбагандыгы белгисиз.

Ал (разияллааху анху) Мединага көчүп келгенден кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны Сахл бин Убайдулла Ансаарий (разияллааху анху)га диний бир тууган кылып койду. Ал (разияллааху анху) Бадр, Ухуд жана Хандак согуштары менен бирге башка бардык казаттарда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га шерик болгон. Азирети Абдулла бин Маъзун (разияллааху анху) Азирети Усман (разияллааху анху)нун Халифат доорунда 30-хижра жылы 60 жаш курагында каза болгон.

Аягында Ал Азирети Алла Таала ушул сахаабалардын даражаларын жогорулап турсун деп дуба кылды. Аамийн

٭…٭…٭

Чектеш темалардын мазмуну

Send this to a friend