Амратсарлык[1] бир Ахмадий эмес мусулман Миан Мухаммад Аслам Сахиб 1913-жылдын март айында Кадиянга келди. Ал Азирети Халифатул-Масийхил-Аввал (разияллааху анху) туурасында мындай деп жазат: «Мавлавий Нуруддин Сахиб – Мырза Азиретинин[2] Халифасы болгондуктан, Ахмадия Жамаатынын баары кабыл алган жетекчи. Мен эки күн анын таалим-тарбия жана Курани Каримди окутуу-үйрөтүү жыйындарында катышып, анын иши туурасында көңүл буруп көрдүм. Мен