Жесир аялды никеге отургузуу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жесир аялды никеге отургузуу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп нике той турмушка чыгуу ата-эне

Бир адамдын «жесирлерди кандай жагдайларда турмушка чыгаруу керек, аны турмушка берип жатканда, анын өмүрүн, балдарын, учурлук каражатарын, жеп-ичүү жана кийинтүү шарттарын эске алышы керекпи же жокпу? Башкача айтканда, жесир аял картайганына же көп балалуу болгонуна же жетиштүү байлыкка ээ болгондугуна карабастан турмушка чыгууга мажбур болобу?» деген суроосу Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)га берилген. Ал Азирети мындай деп айткан:

«Жесирди үйлөнтүү жөнүндөгү өкүм кызды үйлөнтүү жөнүндөгү өкүм менен бирдей. Айрым элдер жесир аялды никелөөнү уят деп билишет жана бул аябай ыплас салт кеңири жайылгандыктан, жесир аялды үйлөнтүүгө буйрук берилген, бирок бул ар бир жесир аялды үйлөнтүү керек дегенди билдирбейт. Нике никеге турууга татыктуу жана нике зарыл болгон адамга таандык болот. Айрым аялдар карып, жесир калышат. Айрымдар үчүн никеге турууга башка ыӊгайсыздык жагдайлар болот. Мисалы, бирөө никеге турууга тоскоолдук кыла турган ооруга чалдыккан болот же жесир аял көп балдар жана (жыныстык) мамилелерине байланыштуу башка күйөөгө турмушка чыгуусуна жүрөгү тартпайт. Мындай жагдайларда аялды байлап, күйөөгө берүүгө мажбурлап болбойт. Ооба, жесир аялды өмүрүнүн акырына чейин күйөөсү жок кармап туруу деген салтты жоюу керек». («Бадр» гезити, 41-сан, 6-том, 1907-жылдын 10-октябры, 11-бет)

Азирети Сахибзада Мырза Башир Ахмад Сахиб (разияллааху анху) мындай деп жазат: «Мырза Гуламуллах Сахибдин агасынын аялы Моглани Нуржан айым Кадияндагы Лажна Имааиллах аркылуу жесирлердин үйлөнүү маселеси жөнүндө төмөнкүлөрдү жазып жиберген: «Пешавардан төрт аял келген кезде, алардын экөөсү – жесирлер, жаш жана бай аялдар болчу, мен аларды Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын алдына алып бардым. Ал (алайхиссаллам): «Жаш (жесирлер) үйлөнүшү керек», – деп айткан. Мен: «Көӊүлү тартпагандар эмне кылуулары керек? Же Балдары барларды багууга ким жооптуу?» – деп сурагам. Ал (алайхиссаллам): «Эгерде (жесир) аял ыймандуулук жана такыбалык менен жашай алам деп ишенсе, ага үйлөнбөөгө уруксат бар, бирок үйлөнгөнү баары бир жакшы», – деп айткан». («Сийратул-Махдий», 2-том, 231-бет)

Share via
 
Send this to a friend