Азирети Амир-ул-М’уминийн Халифатул Масийх V (аййадахуллааху таъаала би–насрихил азиз)дин көрсөтмөсүнө ылайык, Шри-Ланкадагы Ахмадия Мусулман Жамааты да жаңы жылды жамааттык Тахажжуд намазы менен баштады. Кийинчерээк багымдат намазы дагы жамаат менен окулуп, сабак да уюштурулду. Буга байланыштуу бардык мечиттерде урматтуу миссионер-үгүтчүлөрдүн жардамы менен бул иш-чара өткөрүлдү. Эртең менен мечитке барууда кыйналган туугандар 31-декабрга караган түнү мечитте калып,