Истигфаар тоободон жогору турат
«Кечиримдүүлүк жана тообо кылуу эки нерсе. Бир жагынан, тоободон Истигфаар[1] биринчи орунда турат. Анткени, Истигфаар – бул Алла Тааладан алына турган жардам жана күч. Тообо – бул өз буттарына туруу дегендик. Алла Тааланын адаты ушундай: (адам баласы) Алла Тааладан жардам сураганда, Алла Таала ага кандайдыр бир күч берет, анан ошол күчтөн кийин адам өз бутуна туруп, анда жакшы иштерди жасоого кандайдыр бир күч пайда болот, ал «туубуу илайхи»[2] деп аталат. …Тообо келтирүү күч-кубаты Истигфаардан кийин берилет. Эгер Истигфаар жок болсо, анда албетте, тообонун күчү болбоорун билип алгыла. Анан эгерде ушул жол менен Истигфаар кылып, тобо келтирсеңер, анда натыйжасы төмөнкүдөй болот:یُمَتِّعۡکُمۡ مَّتَاعًا حَسَنًا اِلٰۤی اَجَلٍ مُّسَمًّی «юматтиъкум матаа′ан хасанан илаа ажалим-мусаммаа»[3]. Аллахтын Сүннөтү ушундай жол менен уланып келе жатат: эгер Истигфаар кылып, тообо кылсаңар, анда улуу руханий даражаларга жетесиңер. Ар бир сезим үчүн кандайдыр бир алкак болуп, анда ал өнүгүү баскычтарына жетет. Ар бир адам пайгамбар, элчи, сыддык, шейит боло албайт». (Малфузаат, 2-том, 68-69-бет, 1984-жылы Англияда жарык көргөн нускасы)
Бир жерде Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам) мындай деп айтат:
«Негизинен, «ваъийд»[4] кандайдыр бир убада эмес, болгону Алла Таала Өзүнүн ыйыктыгынан улам күнөөлүү адамдын жазаланышын талап кылат. … Анан күнөөлүү адам тообо кылуу жана кечирим сурап, жалынып-жалбаруу менен дуба кылып, ошол талапты ишке ашырганда, Аллахтын мээримдүүлүгүнүн талабы каардын талабын басып кетет жана ошол каарды Өз ичинде жашырып жана бекитип коёт. Бул аяттын мааниси да ушул гана:عَذَابِیۡۤ اُصِیۡبُ بِہٖ مَنۡ اَشَآءُ ۚ وَ رَحۡمَتِیۡ وَسِعَتۡ کُلَّ شَیۡءٍ(Мен Өз азабымды Өзүм каалаган бирөөнө жеткиремин жана Менин рахматым бардык нерсени курчап алган (7:157). Башкача айтканда, мээримдүүлүгүм Менин каарымды курчап алган». (Тухфа-э-Газнавия, Руханий Хазайин, 15-том, 537-бет)
*******************
[1] Алла Тааладан кечирим суроо.
[2] Ага гана тообо келтиргиле.
[3] Ал силерге белгиленген мөөнөткө чейин эӊ жакшы жашоо керектөөлөрүн берет (11:4).
[4] Эскертүү катары азап жөнөтүүгө берилген убада «ваъийд» деп аталат.