Кемеге чыгуунун экинчи дубасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кемеге чыгуунун экинчи дубасы

Азирети Нух (алайхиссалаам)га Алла Таала мындай деп көрсөтмө берген: «Кемеге чыкканыңарда, алгач төмөнкү дубаны окугула: الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ الَّذِیۡ نَجّٰنَا مِنَ الۡقَوۡمِ الظّٰلِمِیۡنَАЛХАМДУЛИЛЛААХИЛЛАЗИЙ НАЖЖААНАА МИНАЛКАУМИЗЗААЛИМИЙН. (23:29)

(Бардык мактоо-алкоо бизди заалим коомдон куткарган (Алла)га гана таандык). Анан төмөнкү дубаны окугула». Азирети Али (разияллааху анху) мечитке кирээрде да ушул дубаны окучу эле. («Тафсир-э-Куртбий» 12-бөлүк, 120-бет)رَّبِّ اَنۡزِلۡنِیۡ مُنۡزَلًا مُّبٰرَکًا وَّاَنۡتَ خَیۡرُ الۡمُنۡزِلِیۡنَОКУЛУШУ: РАББИ АНЗИЛНИЙ МУНЗАЛАМ-МУБААРАКАН ВА АНТА ХАЙРУЛ-МУНЗИЛИЙН. (23:30)

Котормосу: «Эй, Раббим! Мени түшө турган бир куттуу жайга түшүргүн. Сен түшүрүүчүлөрдүн эң жакшысысың». («Ал-Му’минуун» сүрөөсү:30)

Share via