Дагы «кызуу кандуулукту басуу» деген шарт бар. Бул жөнүндө кандай мисалдар кезигет? Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) бир өзгөчөлүктү мындай эстейт: хиндилер менен бир жыйын өткөрүлдү, ошол жерде чыр-чатак чыгып кетти. Жамаат өтө сабырдуулук көрсөттү. Ал (алайхиссалам) мындай деп улантат: «Эгер ичи таза мусулмандар өзүнүн маданияттуулугун эсепке албаганда жана Куран таалими боюнча сабырдуулук кылып, ачуусун басышпаганда,