Бүткүл дүйнөлүк мусулман лидер хилаафаттын чыныгы маани-маӊызын ачып берди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бүткүл дүйнөлүк мусулман лидер хилаафаттын чыныгы маани-маӊызын ачып берди

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) жумалык жума кутбасын Франкфурт шаарында окуду

Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Германиянын Франкфурт шаарында жума кутбасын окуп жатат

Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) 2014-жылдын 6-июнунда Германиянын Франкфурт шаарында жайгашкан «Калбек» деген ойноо жана эс алуу борборунда жумалык жума кутбасын окуду. Беш миӊге (5000) жакын Ахмадий мусулмандар кутбага катышып, ал МТА Интернейшналдан (Эл аралык Муслим ТВ Ахмадия) түз эфир аркылуу бүткүл дүйнөгө көрсөтүлдү.

2014-06-07-FS-003

Ал киши өзүнүн бир сааттан турган кайрылуусунда хилаафат деген система менен жетекчиликтин секулардык же башка көрүнүштөрүнүн ортосундагы айырмага токтолду.

Хилаафатты диктатурага окшотуу деген жалааны ал киши бүтүндөй четке какты. Ал киши мындай деди: дүйнөлүк күч-кубат жана бийликке жетишүү диктаторлордун каалоосу, бирок учурлук халифанын иштери бүтүндөй руханий.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Көбүнчө дүйнөлүк лидерлер секулардык максат-мүдөөлөрдү көздөшөт, хилаафаттын милдети – бул бардык адамдардын көӊүл-дитин бири-биринин акы-укуктарын аткарууга буруу. Бул – Ахмадий мусулмандардын арасында динди бардык дүйнөлүк иштерден жогору коюу деген рухту жаратуу жана хилаафат дүйнөдө тынчтык жолу менен Алла тааланын жалгыздыгын орнотууга аракет жасап жатат».

Өз сөзүн улантып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Мен ар бир Ахмадий мусулманга, ар бир жашка жана ар бир адамга муну ачык-айкын айтып коёюн: хилаафат менен диктатуранын ортосунда такыр алака жок… Дин иштеринде зордук-зомбулук жок, бирок кимдир бирөө өзүнүн каалоосу жана толук ыктыяры менен Ахмадиятты кабыл алган соӊ диндин кызыкчылыгы үчүн ал ошол антты аткарууга милдеттүү».

2014-06-07-FS-004

Халифа менен Ахмадий мусулмандардын ортосундагы бийик даражадагы алака-байланыш жөнүндө сүйлөп жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Өзүнүн жарандарына жеке алака-байланышты түзгөн кандайдыр бир лидер же диктатор барбы? Экинчи жакта, учурлук халифа ар кандай улуттар өкүлү болгон жана дүйнөдөгү ар кандай бөлүктөрдөн болгон Ахмадий мусулмандар менен жеке алака-байланышта болот. Хилаафат гана ар бир Ахмадий мусулманга көӊүл бурат, анын оорусун сезет жана алар үчүн дуба кылат».

Бүткүл дүйнөдөгү Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүнө болгон сүйүүсүнөн жана алакасынан сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Кечкурун уктоодон мурда элестетүү көзү менен мен ойлобогон дүйнөдөгү бир дагы өлкө жок, ошодой эле мейли уктаганда, мейли ойгоодо мен дуба сурабаган бир дагы Ахмадий мусулман жок. Мен буларды кандайдыр бир сыйлык үчүн кылбайм, тескерисинче бул менин милдетим. Алла таала өз милдеттеримди дагы жакшыраак аткаруу үчүн мага күч-кубат берсин. Буларды айтып бергенимдин жападан-жалгыз себеби, хилаафат менен башка дүйнөлүк же секулардык лидерлерди өз ара салыштыруу такыр дурус эместигин ачык-айкындоо».

2014-06-07-FS-001

Ал киши мындай деди: Курани карим «дин иштеринде эч кандай зордук-зомбулук жок» деп диний эркиндик үчүн зор усулдарды (принциптер) белгилеп койгон. Демек, ар бир адам өзүнүн акыйдасын же ишенимин тандоо деген негизги акы-укуктарга ээ.

Өзүнүн кутбасында ал киши Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад(ра)нун Германиядагы «жеӊишибиз» Европадагы жеӊишибизге жол ачат деген сөздөрүн көрүп, суроо көтөргөн Ахмадий эмес бир немец кишинин суроосуна да жооп берген.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Жалпысынан айтканда, немецтер акыл-эстүү жана даанышман адамдар, ошон үчүн алар Ахмадия Мусулман Жамааты жасап жаткан миссионердик жана гуманитардык иштерин тереӊ түшүнүшөт, натыйжада адамдар Исламдын бүтүндөй тынчтык жана нукура окууларынан кабардар болушат.

Муну да ачык-айкын айтып коёюн: «жеӊиш» деген сөздөн Кудай сактасын, биз күч колдонмокчубуз же кайсы бир бийликти тартып алмакчыбыз деп такыр түшүнбөшүӊөр керек. Баарынан мурда биз төмөнкүлөрдү билдиребиз: дин маселесинде эч кандай зордук-зомбулук жок жана дин же ишеним кимдир бирөөнүн жүрөк мамилеси. Биздин ийгиликтерибиз эч качан күч колдонууга негизделбейт, тескерисинче Исламдын нукура таалимдерин баса белгилеп-даӊазалоо жолу менен адамдардын жүрөктөрүн жана аӊ-сезимдерин багынтабыз».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via