Ахмадия Мусулман Жамаатынын жетекчиси Германиянын Фридберг шаарында жаӊы Ахмадия мечитин ачты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын жетекчиси Германиянын Фридберг шаарында жаӊы Ахмадия мечитин ачты

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: жаӊы салынган мечит бардык адамдар үчүн тынчтыктын куралы экенин далилдейт

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоӊ кубаныч менен төмөнкүлөрдү жарыялайт: 2014-жылдын 7-июнунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) Германиянын Фридберг шаарында «Даарул-Амаан мечитин» (Тынчтыктын үйү) деген мечитти ачты.

2014-06-07-Friedberg-002

Эки жүздөн (200) ашуун коноктор ушул куттуу аземге катышышты. Ал сыйлуулардын катарында шаардын консулу – Питер Зейбарт мырза, район комиссары – Йоахим Арнольд мырза жана облустун мурунку адилет, Европа жана интеграция министри Йорг-Уве Хан мырза да бар болчу.

Ал киши мечиттин мунарасында чөгүлгөн тактайдын үстүндөгү материалды ачып, расмий түрдө мечитти ачты жана ак бата тилеп, Алла таалага шүгүрчүлүк кылды. Андан кийин ал киши бул мечитте пешин жана дигер намазын кошуп окутту.

Намазды окуп бүткөн соӊ атайын бир азем өткөрүлуп, анда Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Амири (президенти) – Абдулла Вагышхазёр мырза конокторго аземге кош келиӊиздер деп айтты. Андан кийин ар кандай коноктор да өз ой-пикирлерин билдиришти.

2014-06-07-Friedberg-003

Шаардык консулдун өкүлү Питер Зейбарт мырза мындай деди:

«Мен үчүн ушул жерде Фридберг шаарында бул жаӊы мечиттин ачылуусуна шаардык консулдун өкүлү катары катышуум өтө чоӊ сыймык. Силер ушул жерге салган бул мечитиӊер ачыктагандай, силер ушул шаарды өз үйүӊөр деп билесиӊер жана ушул мечитиӊер бул шаардын жергиликтүү жарандары менен аралашып жашооӊорду далилдейт».

Район комиссары – Йоахим Арнольд мырза мындай деди:

«Коомчулукта бардык адамдардын бири-биринин динин жана ишенимин сыйлоо – бул абдан зарыл нерсе. Ахмадия Мусулман Жамаатынын мына ошондой ой-пикирлерди жайылтууда жана ишке ашырууда алдыӊкылардан экенин мен билем. Силер тынчтык менен гармонияны жактоочу адам экениӊерди жана жергиликтүү коомчулукка аралашууну каалаган адам экениӊерди далилдеп көрсөттүӊөр».

2014-06-07-Friedberg-004

Облустун мурунку адилет, Европа жана интеграция министри Йорг-Уве Хан мырза мындай деди:

«Алла тааланын ушул үйүнүн ачылуу учурунда ушул жерде болушум – бул мен үчүн өтө чоӊ сыймык.  Мен айта турган нерсе: Ахмадия Мусулман Жамааты коомчулугубузда өз ролун ойноп жатат. Албетте, Гессен облусунда жана Германияда бар болушуӊар абдан кубанычтуу көрүнүш».

Бул аземдин борбордук бөлүгү Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин кайрылуусу болчу. Ал өзүнүн кайрылуусунда мындай деди: мечитке «Даарул-Амаан» (Тынчтыктын үйү) деген ат коюлган. Демек, ар бир Ахмадия мечити сыӊары бул мечит да ага кирген ар бир адамга тынчтык жана коопсуздук кепилчиси болот.

2014-06-07-Friedberg-005

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бул мечитке киргендер эле коопсуздукта болушпайт, тескерисинче бул мечит ушул аймактагы ар бир адамга, бардык туугандарга, кандай гана дин жана улут ээси болбосун, динге ишенеби же жокпу, тынчтык, саламаттык жана коопсуздук кепилчиси болот».

Ислам таалимдери боюнча башка өлкөлөрдөн келе турган адамдардын жергиликтүү коомчулукка аралашуусу жөнүндө сөз кылып жатып Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Менин пикирим боюнча «аралашуу» деген бул: силер өз ичиӊерде өзүӊөр жашаган жерге, өзүӊөр жашаган шаарга, өзүӊөр жашаган мамлекетке болгон сүйүүнү жана ыкыластуулукту да жараткыла, аны жакшыртуу үчүн, анын өсүп-өнүгүүсү үчүн да аракет жасагыла. Ахмадия Мусулман Жамаатынын максат-мүдөөсү кудум ошондой».

2014-06-07-Friedberg-006

Ал киши Ахмадия Мусулман Жамааты адамзатка кызмат кылуу максатында дүйнөдөгү ар кайсы өлкөлөрдө алып бара жаткан кээ бир проекттерден да сөз кылды. Ал киши Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан Батыш Африка өлкөлөрүнүн бири болгон – Бенин Республикасында ачылган бир жетимдер үйүнөн да сөз кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатына жүктөлгөн проекттер ошол өлкөлөрдө аткарылганда, биз тек адамзатка эле кызмат кылбайбыз, аны менен бирге Германия да ошол өлкөлөрдө тааныштырылып жаткан болот. Биз адамзатка кызмат кылуу менен бирге ал өлкөлөрдө Германиянын элчиси да болобуз деп айтсак, жаӊылышпайбыз. Ошентип, Германиянын элчиси болуп, ал жерде Германиянын атын да алып чыгып жаткан болобуз».

2014-06-07-Friedberg-007

2014-06-07-Friedberg-008

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via