Ахмадия Мусулман Жамаатынын жетекчиси дагы бир жаӊы мечитке алгачкы ташты койду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын жетекчиси дагы бир жаӊы мечитке алгачкы ташты койду

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Германиянын Карбен деген шаарчасында «Саадык» мечитине алгачкы ташты койду

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоӊ кубаныч менен төмөнкүлөрдү жарыялайт: 2014-жылдын 7-июнунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) Германиянын Карбен деген шаарчасында Ахмадия Мусулман Жамаатынын биринчи мечитине алгачкы ташты койду. Ал киши мечитке «Саадык мечити» (Чынчыл мечити) деп ат койгон.

2014-06-07-Karben-002

Ырасмий сессия Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Республика боюнча жетекчиси – Абдулла Вагишхазёр мырзанын тосуп алуу сөздөрү менен башталды. Андан кийин маданият жана интеграция боюнча консул – Фип вон Леонарди мырза жана Гриин (жашыл) партиянын (шаардык кеӊеш) төрагасы – Марио Скефар мырза кыскача тилек-сөзүн билдиришти.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) тарабынан негизги кайрылуу жасалып, анда ал киши ар кандай улуттардан турган жана ар кандай шарттарга ээ болгон адамдардын тынчтык менен чогуу жашоо айлана-чөйрөсүн түзүп берген үчүн Карбен шаарчасынын жергиликтүү жарандарын мактады. Ал киши мындай деди: бул «башкаларды сүйүү жана аларга көӊүл буруу» жергиликтүү адамдардын табигаты экенин далилдейт.

2014-06-07-Karben-003

Мечиттин атына ишаарат кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бул мечит «Чынчыл мечити» деп аталат, ошондуктан чынчылдык, ишенимдүүлүк жана биримдиктүүлүк деген баалуулуктар Ахмадий мусулман адамдын ар бир сөзүнөн да, ар бир амалынан да байкалып турушу керек. Албетте, мечит салынып бүткөн соӊ жергиликтүү адамдар келип, Ахмадий мусулмандар даават кылып жаткан жана туш тарапка жайылтып жаткан чындык боюнча жүргөнүнө күбө болушат».

Ал киши Ата Мекенди сүйүү канчалык зарыл экенине да токтолгон.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Биз бекем ишенебиз: өз мекенин сүйүү чыныгы мусулман адамдын өзүнө таандык өзгөчөлүгү болушу керек, эгер ошондой болбосо, анда бул – ошол эркек же аял өзүнүн ишенимине чынчыл эмес дегендик».

2014-06-07-Karben-004

Жогорудагы кайрылуусунан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) «Саадык» мечитине алгачкы ташты койду. Ал кишинин ардактуу жубайы – Аматул Сабух Бегам да кышты койду. Андан кийин бир топ Борбордук, Республика боюнча жана жергиликтүү расмийлер да кыштарды коюшту. Ахмадий эмес бир конок да кышты койду.

Азем Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин ак батасы менен соӊуна чыкты.

2014-06-07-Karben-005

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via