Мюнхен шаарына караштуу Нойфарн деген жерде «Ал-Махдий» мечити ачылды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мюнхен шаарына караштуу Нойфарн деген жерде «Ал-Махдий» мечити ачылды

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) атайын уюштурулган кечеге тарыхый кайрылуусун жасады

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоӊ кубаныч менен төмөнкүлөрдү жарыялайт: 2014-жылдын 9-июнунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) Германияда Мюнхен шаарынан 20 км аралыкта жайгашкан Нойфарн шаарчасында «Ал-Махдий мечити» (Махдийдин мечити) деген мечитти ачты.

2014-06-09-Munich-002

Мечиттин ачылуу аземи үчүн Оскар-Мария-Граф деген мектептин короосунда өткөрүлгөн атайын кечеге 200дөн ашык коноктор катышышты. Бул сыйлуулардын арасында Нойфарн шаарчасынын мээри – Франц Хелмейер мырза, Фрайзинг парламентинин депутаты – Эрих Иристорфер мырза жана БУУда диний эркиндик боюнча атайын элчи – профессор Хайнер Билефельдт мырза да бар болчу.

Ачылуу аземинен мурда Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) расмий түрдө эстелик тактаасына жабылган кедемени алып, Алла таалага ыраазычылыкты билдирип, дуба сурап, мечитти ачты. Ал учурда жергиликтүү салт боюнча ак түстүү 12 көгүчкөн учурулду. Кийинчерээк Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) бул мечитте пешин менен дигер намазын да чогуу окутту.

2014-06-09-Munich-003

Намазды аткарган соӊ атайын бир азем өткөрүлуп, анда Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Республика боюнча жетекчиси – Абдулла Вагишхазёр мырза конокторго «кош келиӊиздер» деди. Ал киши конокторду төмөнкүдөй маалыматтар менен тааныштырды: бул мечит үчүн аянт бүгүнкү күндөн 28 жыл мурда, тагыраак айтканда, 1986-жылы сатылып алынган болчу. Ал убакыттан тартып, бүгүнкү күнгө чейин бул жер намаз борбору катары пайдаланылып келинген. Расмий түрдө аны мечитке айландыруу максатында анда керектүү өзгөрүүлөр пайда кылуу үчүн 2013-жылы аракеттер башталган. Өзүнүн төрагалык кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) диндер ортосунда сүйлөшүүлөр жана гармонияны жаратуу максатында Ахмадия Мусулман Жамааты жасап келе жаткан аракеттеринен сөз кылды.

Ал киши мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамааты ар түрдүү диндер ортосунда гармонияны жаратуу максатында жер жүзү боюнча аземдерди уюштурат.

2014-06-09-Munich-004

Буга мисал келтирип, ал киши жакынкы февраль айында Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан Лондон шаарында жайгашкан «Guildhall» деген жерде өткөрүлгөн «Эл аралык диний конференциядан» сөз кылды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Аталган конференцияга ар түрдүү диндердин өкүлдөрү катышып, аземге келген миӊден ашуун коноктордун алдында өздөрүнүн диний окууларын сунушташкан. Мага да Ислам окууларын сунуштоого мүмкүнчүлүк насип этилген. Бул конференция абдан тынчтык жана жагымдуу маанайда өткөрүлдү».

2014-06-09-Munich-005

Өз сөздөрүн улантып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Курани карим мындай деп айтат: дин мамилесинде эч кандай зордук-зомбулук жок жана кимдир бирөөнүн динин жамандоого эч кимдин акысы жок».

Бул азем өткөрүлүп жаткан учурда кээ бир адамдар аталган мечиттин курулушуна нааразылыгын билдирүү максатында нааразылык акцияны уюштурушкан эле. Алардан сөз кылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: Ахмадий мусулмандар ушул акция жана нааразылык чогулушка каршы нааразылык акция менен жооп кайтаруунун ордуна тынчтык ыкмада «Сүйүү баарына, жек көрүү эч кимге» деген ураанды көтөрүү менен жооп кайтарышат.

2014-06-09-Munich-006

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Ислам дини бизге силерди тилдегендерге ак бата менен жооп кайтаргыла деп таалим берген. Ал бизге жамандык кылуучуларга сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк менен мамиле кылууну, ошондой эле текеберликке кичипейилдик жана карапайымдык менен жооп кайтарууну үйрөткөн».

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши жакын өткөндө Пакистан Республиксында  шейит кылынган Ахмадий мусулман дарыгер – Махдий Али Камар мырзадан да сөз кылды. Ал киши мындай деди: Канаданын жарааны – Махдий Али Камар мырза деген дарыгер Пакистанда жайгашкан бир ооруканада акысыз кызмат кылуу максатында алыскы Америкадан сапар тарткан эле, бирок аны Ахмадий мусулман болгону үчүн гана шейит кылышты.

Ал киши мындай деп кошумчалады: Доктор Махдий Али Камар шейиттин жасаты (сөөгү) көмүлүү максатында Америкага жетип келгенде, ал табыты Америка менен Канаданын желектерине оротулуп, эки бийликтин өкүлдөрү шейит үчүн өзгөчө көӊүл билдиришти.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Доктор Махдий Али Камар мырза шейит кылынганда, биз кандайдыр бир акцияны да уюштурбадык, жолду да буубадык жана мына ушул окуядан улам биз адамзатка кызмат кылуудан да артка кайтпайбыз. Тескерисинче, биз мындан да аша чаап муктаждарга жана алсыздарга кызмат кылуу ишин аткарабыз. Жер жүзүндө Ахмадий мусулмандар кайда гана жашашпасын, алар адамзатка кызмат кылууну өздөрүнүн милдети деп билишет. Биздин максатыбыз жана жол-жобобуз ошол гана».

2014-06-09-Munich-007

Ушул кайрылуудан мурда аземге катышкан сыйлуулар бул майрамдуу учурда Ахмадия Мусулман Жамаатын куттуктап, өз ой-пикирлерин билдиришти.

Нойфарн шаарчасынын мээри – Франц Хелмейер мырза мындай деди:

«Бүгүн ушул мечиттин ачылуусу үчүн бул жерге чогулушубуз – албетте бул өзгөчө күн. Ахмадия Мусулман Жамааты ушул аймакты өзүнө үй кылып алды. Силер ушул жерде тынчтык жана өз ара ынтымактуу болуп жашагыла деп тилек кылам жана ошондой үмүттөмүн».

2014-06-09-Munich-008

Фрайзинг районунун комиссары – Джозеф Хаунер мырза мындай деди:

«Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин Баварияга келүүсү – бул албетте биз үчүн өтө чоӊ сый. Ал кишинин келүүсүнө мен чоӊ ыраазычылыкты билдирем. Ал сабырдуулуктун жана өз ара ынтымактуулуктун элчиси».

Нойфарн шаарчасынын мурунку мээри – Райнер Шнайдер мырза мындай деди:

«Азирети Мырза Масрур Ахмад арабызда бар болгондуктан, бүгүнкү күн тек Ахмадия Мусулман Жамааты үчүн эле эмес, тескерисинче Нойфарн шаарчасынын башка жарандары үчүн да кубанычтуу… Бул мечит силер үчүн гана эмес, тескерисинче бардык адамдар үчүн».

2014-06-09-Munich-009

Ылдыйкы Бавариянын регионалдык президенти – Хайнц Грюнвальд мырза мырза мындай деди:

«Мен Ахмадия Мусулман Жамаатын өткөн жыйырма жылдан бери тааныйм, силерге болгон сүйүүм дагы өстү жана мен силерди өзүмдүн досум деп эсептейм».

Фрайзинг  шаарынын лорд-мэри – Тобиас Эскенбакер мырза мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты ар дайым кандайдыр бир түшүнбөөчүлүктүн натыйжасында пайда боло турган коркунучтарды же кооптонууларды кетирүү максатында өз ара сүйлөшүүлөрдү өнүктүрүүгө чечкиндүү ролду ойноп келген».

Фрайзинг парламентинин депутаты – Эрих Иристорфер мырза мындай деди:

«Силер салган жаӊы мечитиӊерден силер эле сыймыктанбастан, тескерисинче ушул өлкөнүн ар бир жараны анын курулушу менен сыймыктанат. Мен ар бир жайда силер үчүн тынчтык менен өсүп-өнүгүүнү каалайым».

2014-06-09-Munich-010

БУУда диний эркиндик боюнча атайын элчи – профессор Хайнер Билефельдт мырза мындай деди:

«Диний эркиндикке ишене турган ар бир адам Ахмадия Мусулман Жамаатынан кабардар болушу керек, анткени дин атынан баарынан көбүрөөк кысымга алынган адамдар ушулар гана. Пакистанда Ахмадий мусулмандар диний жиктүүлүктүн атынан өлтүрүлүп жиберилишет же камакка алынышат. Эми бул Пакистан Зафруллахан маркумдун (Пакистандын Ахмадий мусулман болгон эӊ алгачкы тышкы иштер министери) Пакистаны эмес. Бүгүнкү күндө бизге Пакистанда байкалып келе жаткандын баары диний экстремизге жана терроризмге негизделген нерсе».

Аталган аземдин аягында Нойфран шаарчасындагы винтовка клубунун мүчөлөрү Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин келүүсү менен өз өнөрүн көргөзүштү.

2014-06-09-Munich-011

2014-06-09-Munich-012

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via