Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси жаӊы мечитке алгачкы ташты койду
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси жаӊы мечитке алгачкы ташты койду

Азирети Мырза Масрур Ахмад Висбаден шаарында «Мубарак» мечитине алгачкы ташты койду

024-DE-Wiesbaden-Foundation-Stone-Ceremony-1024x682

Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) Германиянын Висбаден шаарында мечитке алгачкы ташты коюп жатат

Ахмадия Мусулман Жамааты өтө чоӊ кубаныч менен төмөнкүлөрдү жарыялайт: 2014-жылдын 4-июнунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, ошондой эле Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) Германиянын Висбаден деген тарыхый шаарында Ахмадия Мусулман Жамаатынын биринчи мечитине алгачкы ташты койду. Ал киши мечитке «Мубарак мечити» (кут-берекелердин мечити) деп ат койгон.

Төрт жүздөн (400) ашуун коноктор аземге катышышты, алардын катарында бир топ сыйлуулар да, мисалга, шаардык Кеӊештин төрагасынын орунбасары – Ханс Петер-Шикель мырза, Гессен улуттук парламенттин социалдык иштер жана интеграциялык министрлигинин катчысы – Джозеф Dreiseitel мырза да бар болчу.

050-DE-Wiesbaden-Foundation-Stone-Ceremony-1024x682

Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун)

Свен Геричтин Лорд-мэри менен

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Висбаден шаарына жетип келгенде, Свен Геричтин Лорд-Мэри тарабынан жылуу тосулуп алынды.

Ырасмий сессия Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Республика боюнча жетекчиси – Абдулла Вагишхазёр мырзанын тосуп алуу сөздөрү менен башталды. Ал киши төмөнкүдөй маалымат менен тааныштырды: Висбаден шаарында Ахмадия Мусулман Жамааты 1990-жылы катталып, өткөн жыйырма жылдан бери мечит салууга ылайыктуу жерди издеп жүрдү.

 2014-06-04-DE-Wiesbaden-Panorama

Андан кийин келген сыйлуулар Ахмадия Мусулман Жамаатына өздөрүнүн куттуктоолорун билдиргени сахнага чыгышты.

Шаардык Кеӊештин төрагасынын орунбасары – Ханс Петер-Шикель мырза мындай деди:

«Ахмадия Мусулман Жамааты абдан сонун ыкмада жергиликтүү адамдарга үзгүлтүксүз кызмат кылууда. Силер ар дайым Ислам тынчтыктын дини экенин жана экстремизмдин ар түрдүү көрүнүштөрүнө каршы экенин ачык-айкын билдиресиӊер».

Гессен улуттук парламенттин социалдык иштер жана интеграциялык министрлигинин катчысы Джозеф Dreiseitel мырза мындай деди:

«Мен ушул өтө белгилүү аземге катышканыма өтө чоӊ кубанычтамын жана баарыӊырды куттуктамакчымын… Ушул мечит дүйнөдө тынчтыкты жайылтат деген бекем ишенимдемин».

Андан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) тарабынан тарыхый кайрылуу жасалып, ал киши мындай деди: ар кандай дин өкүлдөрүнүн жана ар кандай өзгөчөлүктөргө ээ болгон адамдардын бири-бири менен чогуу тынчтык жана гармонияда жашоосу – бул абдан маанилүү нерсе. Ахмадия Мусулман Жамаатынын түбөлүк тилек-сөзү жана ишеними да дал ошол.

020-DE-Wiesbaden-Foundation-Stone-Ceremony-1024x682

Ал киши мындай деп кошумчалады: Исламдын нукура жана тынчтык окууларын даӊазалоо жолу менен жергиликтүү жарандарда Ислам тууралуу пайда болуп калган ар түрдүү коркунучтарды же түшүнбөстүктөрдү кетирүү – бул жергиликтүү Ахмадий мусулмандардын милдети.

Адамдардын жүрөктөрүн багынтуунун жолу – бул сүйүү-махабат жана мээримдүүлүк деп айтты халифа.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Биз – Ахмадий мусулмандар эч кимди жек көрбөйбүз, ал эми бизге каршы чыккандарга же бизди жаман көргөндөргө сүйүү-махабат жана ак баталар менен гана жооп кайтаруубуз керек, анткени Курани карим бизге ошолорду эле үйрөткөн».

019-DE-Wiesbaden-Foundation-Stone-Ceremony-1024x682

Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, ошондой эле Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы

Ахмадий эмес конокторго кайрылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Мен конокторубузга айтат элем: эми өз көзүӊөр менен көрүп жана тилек-сөзүбүздү угуп алган соӊ дагы эле Ислам дини жөнүндө күмөн санап жүргөн адамдарды ишендирүүгө бизге көмөктөшкүлө. Силер тилек-сөзүбүздүн бардык адамдарга тынчтык жана мээримдүүлүк эле экенин өз көзүӊөр менен көрүп алдыӊар».

Жаӊы курула турган мечит жөнүндө сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Ушул мечит курулуп бүткөн соӊ силер күбө болосуӊар: чыныгы мечиттер жамандыкты же жек көрүүнү таратуучу жай болбойт, тескерисинче бүткүл дүйнөгө тынчтыкты, сүйүү-махабатты жана ынтымакты тартууга эле иштеп жатат».

2014-06-04-DE-Wiesbaden-2

Висбаден шаары өзүнүн жазгы ысык суусунун айынан даӊкын тараткан эмеспи, ошон үчүн мындан мурун коноктордун бири ал кишиге өзүнүн жергиликтүү суусун сунуштады. Белектен сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Суу жашоонун белгиси, ошон үчүн бизге асмандан Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас) аркылуу руханий суу тартууланды, ошондуктан, биз – Ахмадий мусулмандар дүйүнөнүн булуӊ-бурчтарына чейин тынчтыкты, сүйүү-махабатты жана руханий нурду таратууга аракеттенүүдөбүз».

Жогорудагы кайрылуусунан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) «Мубарак» мечитине алгачкы ташты койду.

026-DE-Wiesbaden-Foundation-Stone-Ceremony-1024x682

Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) Германиянын Висбаден шаарында 2014-жылдын 4-июнунда «Мубарак» мечитине алгачкы кышты койду.

Ал кишинин жубайы – ардактуу Азирети Аматус-Сабуух айым да бир кышты койду, андан кийин бир топ борбордук, улуттук жана жергиликтүү Ахмадий мусулман ырасмийлер да кыштарды коюшту. Үч (3) Ахмадий эмес сыйлуу да кыштарды коюшту.

Азем Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин ак батасы менен аяктады.

Кетүүсүнөн мурун ал киши жергиликтүү Ахмадий мусулман балдарга шоколадты бөлүштүрүп берди.

2014-06-04-DE-Wiesbaden-3 (1)

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via