Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жол башчысы Германияга келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жол башчысы Германияга келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) кайрылуу жасаганы сапар тартты

Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2014-жылдын 2-июнунда Германиянын Франкфурт шаарына келди.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк жетекчиси, ошондой эле Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) 2014-жылдын 2-июнунда Германияга келди.

Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий(ас)дын 5-халифасы Лондондон унаа менен сапар алды жана Францияга киргенде, Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Республика боюнча президенти Абдулла Вагишхазёр жана бир топ башка расмийлер тарабынан тосулуп алынды, кийинчерээк алар сапардын акырына чейин аны менен чогуу болушту.

Ал киши жергиликтүү саат боюнча кечки 9:40та Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» мечитине жетип келди. Ал жерде чогулган 1500дөн ашуун Ахмадий мусулман эркектер, аялдар жана балдар ѳздѳрүнүн руханий жетекчисин дагы бир жолу кѳрүп, кубанычтарын ичтерине батыра албай жатышты.

Ал киши Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Карлсруэ деген жерде боло турган 39-чү Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) катышканы сапар тартты, ага ар кайсы өлкөлөрдөн 30000ге жакын делегаттардын катышуусу күтүлүүдө. Үч (3) күндүк аземде (13-15-июнь күндөрү) ал киши Ахмадий мусулмандарга да, Ахмадий эмес конокторго да Исламдын нукура жана тынчтык таалимдери жөнүндө кайрылуу жасайт.

Ал киши миӊдеген Ахмадий мусулмандар менен жекече жолугушууларды да өткөрөт, алар анын ак батасын жана жетекчилигин алышат. Өз өмүрүндө учурлук халифа менен биринчи жолу жолукмакчы болгон Анис Ахмад Надим (25) аттуу Ахмадий мусулман мындай деди:

«Мен учурлук халифа менен көрүшүүнү чоӊ сыймык деп ойлойм, ошондой эле бул сыймыкты жана кубанычты айта албайм. Ушул жерде аны менен жолугушууну каалаган миллиондогон адамдар бар, ошон үчүн мага ушул мүмкүнчүлүктүн насип этилишин айтып берүүгө менде сөз жок. Мен ага тынчтыкты каалап, анын ак батасын алуу максатында болгону халифанын ыйык колуна кол тийгизмекчимин. Эми ушул мүмкүнчүлүк деген казынаны өмүрүмдүн соӊку демдерине чейин өзүм менен чогуу алып барам».

АЯГЫ

 

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682 Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via