Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Францияда болгон террордук чабуулдарды сынга алды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Францияда болгон террордук чабуулдарды сынга алды

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) дүйнөдө тынчтык болушу үчүн дуба сурады

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) чечкиндүү түрдө ушул жумада Францияда болгон террордук чабуулдарды сынга алды жана дүйнөдө тынчтык болушу үчүн дуба сурады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Англияда жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде окуган өзүнүн жумалык жума кутбасында мындай деди: чабуулдардын Исламдын чыныгы таалимдери менен эч кандай алака-байланышы жок. Ал киши мындай деди: кылмышкерлер жана буга тиешеси бар ар бир адам мыйзамдын чегинде жазалануусу керек.

2014-07-04-FS-002-1024x386

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Ушул мыкчаачылык чабуулду жасаган кылмышкерлер өздөрүнүн кылыктарын Исламдын жана анын Ыйык Негиздөөчүсүнүн (саллаллааху алайхи ва саллам) атынан орундуу кылып көрсөтүүгө умтулушат, бирок алар жасаган амалдарынын баары бир Исламдын нукура таалимдери менен эч кандай алака-байланышы жок. Ислам дини эч бир жеринде мыйзамды өз колуна алууга же бирөөнү жарадар кылууга же өлтүрүүгө уруксат бербейт. Ошентсе да, ушул атынан эле мусулман деп аталуучу адамдар жана мусулман топтор алигиче ушул сыяктуу мыкаачылыктардан жана зулумдуктардан кайткан эмес».

Ал киши төмөндөгүдөй үмүттөнгөнүн айтты: ушул чабуул Ислам динин адилетсиздик менен бутага алууга же ага чабуул жасоого жетекчилик кылбайт, антпесе мына ошондой көрүнүш Европада жана башка Батыш өлкөлөрүндө жашаган мусулмандар менен мусулман эместердин ортосундагы бөлүнүүнү дагы ырбатып коёт. Ал киши бардык тараптарды коомчулукту бириктирүүгө аракеттенүү үчүн сабырдуулукту жана токтоолукту көрсөтүүгө чакырды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) бүткүл дүйнөгө Исламдын нукура таалимдерин жеткирүү жана тынчтык үчүн дуба суроо – бул Ахмадий мусулмандардын милдети экенин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бүгүнкү күндө тынчтык үчүн дуба суроо жана бардык тараптар мыкаачылыктын жана адилетсиздиктин ар кандай көрүнүштөрүнөн кайтсын деп дуба кылуу – Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүнүн милдети».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: Ахмадий мусулмандар өздөрүн айрыкча Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат айтуу (тынчтыкты жолдоо) менен алектендирүүлөрү лаазым.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) төмөндөгүдөй ак бата менен өз пикирин аяктады:

«Алла таала дүйнөнү баш аламандыктын ар түрдүү көрүнүштөрүнөн тазаласын жана учурдагы чыр-чатак ахвалы тынчтык жана гармониялык ахвалына айлансын».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via