Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси кайрадан карикатуралардын басылуусуна тынчтык жолу менен реакция билдирүүгө чакырды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси кайрадан карикатуралардын басылуусуна тынчтык жолу менен реакция билдирүүгө чакырды

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мусулмандар дубаларды сурап, тынчтык жолу менен жооп кайтаруулары керек деп айтты жана Рим папасы Франциск билдирген ой-пикирлерин мактады.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) «Шарли Эбдо» журналынын ушул жумалык санында Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га каршы кайрадан басылган карикатураларга жооп кайтарды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Англияда жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде окуган өзүнүн жумалык жума кутбасында ушул маселе жөнүндө сүйлөп жатып, мындай деди: мына ошондой карикатуралар бүткүл дүйнөдөгу тынчтыкты жактоочу мусулмандарга катуу тийип, алардын ичин жаракат алдырды. Бул сындалууга ылайык нерсе. Ошентсе да, эч бир түрдөгү баш аламандыкты же мыйзамсыз жоопту орундуу деп айтууга болбойт жана ал нерсе бүтүндөй Ислам таалимдерине каршы болчу. Ал киши мындай деп да айтты: көчөлөрдө акцияларды уюштуруу кандайдыр бир ылайыктуу жооп эмес, андан көрө мусулмандар өз дубаларын көбөйтүп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га көп-көп салавааттарды айтуу жолу менен жооп кайтаруулары керек.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Эсиӊерде болсун, Ислам дини эч качан чыр-чатак жана кан төгүү жолу менен жайылган да эмес жана жайылбайт дагы. Анын ордуна дубаларды сурап, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га көп-көп салавааттарды айтуу жолу менен гана Исламды жайылтуу ишине жетишүүгө болот. Салавааттарды айтуу менен гана биз ийгиликтүү боло алабыз».

Ал киши мындай деди: «Шарли Эбдо» журналына жасалган чабуул ага кайрадан жаӊы жашоону тартуулап койду.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Ушул ыпылас террордук чабуул аркылуу эмнеге жетишишкен? Илгери бир топ Батыш төбөлдөрү ушул сыяктуу чырлуу жана жагымсыз карикатураларды сынга алышкан, бирок өткөн жумадагы Францияда жасалган чабуулдан кийин көптөгөн адамдардын жана төбөлдөрдүн ой-пикири өзгөрүп кетип, алар ачык түрдө ошол ыпылас басылмага колдоо көрсөтөрүн жарыялашты».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантты:

«(Шарли Эбдого) ушул чабуул жасалгандан бери аталган газетага ар кандай булактардан чоӊ финансылык жардам келе баштады. Мурда ал 60,000 нускада басылып, жакын арада газета бизнестен чыгып кетет деп айтылып жаткан болчу. Бирок ушул атынан эле мусулман деп аталуучулардын амалдарынын айынан ушул журналга кандайдыр бир жаӊы жашоо тартууланып, ушул жумада басылган нускасы беш миллионго жетти».

Өзүнүн кутбасында ал киши Рим папасы Франциск тарабынан жакында билдирилген «сөз эркиндигинин да кандайдыр бир чегарасы болушу керек, эч бир ишеним же дин шылдыӊдоого же урматсыздыкка алынбоосу керек жана ар бир диндин сыйлуу инсандары ар дайым сыйланууга тийиш» деген ой-пикирлерди да мактады. Ал киши мындай деди: бул меселе жөнүндө Рим папасы Франциск билдирген ой-пикирлер «кыйшайбаган чындык».

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси мындай деди: дүйнөлүк медиа чоӊ күч жана таасирге ээ, ошон үчүн бардык медиа уюмдары өздөрүнүн ошол таасирин жоопкерчилик менен пайдалануусу керек деди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бул күндөрдө жана доордо медиа чоӊ күчкө ээ. Эгерде ал жоопкерсиз болсо, анда ал финта-чагымчылыкка жана керексиз тукурууга май күйүшү мүмкүн, бирок эгер ал жоопкер болсо, анда ал коомчулуктун арасында тынчтык менен гармонияны жаратууга чоӊ ролду ойной алат».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) төмөнкүдөй ак бата жана насаат сөзү менен өз кутбасын аяктады: дүйнөдө тынчтык болсун жана мусулмандар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды мазактай турган ар бир аракетке дубалар менен жооп кайтаруулары керек.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via