Кадияндагы 123-Жалса Салана Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин кайрылуусу менен аяктады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Кадияндагы 123-Жалса Салана Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчисинин кайрылуусу менен аяктады

Кадиян жана Лондондо 24000ден ашуун адамдар соӊку сессияга катышышты

2014-жылдын 28-декабрында базар күнү Индияга караштуу Кадиянда Ахмадия Мусулман Жамаатынын 123-Жылдык Жыйыны (Жалса Салана) Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) жасаган ыймандарды күчтөндүрүүчү жана толкундатуучу кайрылуусу менен аяктады.

2014-12-28-Jalsa-Qadian-002-1024x407

Ал киши Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинен спутник аркылуу соӊку сессияга кайрылуу жасады. 37 өлкөдөн келген 18700 адам Кадиянда Жалсага катышышты, ал эми 5400дөн ашуун адамдар соӊку сессия үчүн Лондондо чогулушкан. Ушул базар күнү Кот-д’Ивуар (Ivory Coast), Нигерия, Сенегал жана Американын Батыш Жээгинде да Жылдык Жыйын болуп жатат.

2014-12-28-Jalsa-Qadian-003-1024x333

Өзүнүн кайрылуусунда ал киши бүткүл дүйнөдө террористтер менен экстремисттер тарабынан Ислам таалимдеринин кандай бурмаланып жатканы тууралуу сөз кылды. Ал киши чечкиндүү түрдө экстремизмдин бардык көрүнүштөрүн сындап, мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамааты үзгүлтүксүз Исламдын тынчтык кабарын жайылтуу менен алектенип келүүдө.

2014-12-28-Jalsa-Qadian-004-1024x320

Ал киши мындай деди: Жылдык Жыйын дагы Исламдын чыныгы кабарын даӊазалоонун куралы болуп саналат.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Бир жактан алганда биздин Жылдык Жыйындарыбыз Ахмадий мусулмандардын диний илим-билимин жана руханийлигин өнүктүрүүнүн куралы, экинчи жактан алганда, Исламдын көркөм таалимдерин жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы мүнөзүн дүйнөдөгү адамдарга даӊазалоонун да куралы».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантты:

«Ислам дини теӊдеши жок тынчтыктын, өз ара сүйүү-махабаттын жана адилеттүүлүктүн  дини. Демек, Мухаммад(сав)дын Мессиясы(ас)дын элчилери катары ушул таалимдерди дүйнөнүн булуӊ-бурчтарына чейин жеткирүү – бул милдетибиз».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: Ахмадий мусулмандар террорист жана экстремист топтору тарабынан бутага алынышууда. Ал киши кайгырып, мындай деди: бир эле күн мурда Пакистандагы Гужранвала деген жерде бир жаш Ахмадий мусулман шейит кылынды. Ал киши мындай деди: Ахмадий мусулмандар бардык кысымдарга жана жек көрүүлөргө тынчтык жана ак баталар менен гана жооп кайтарган, анткени бул Исламдын нукура таалимдерине ылайык.

2014-12-28-Jalsa-Qadian-005-1024x721

Ал киши улантып жатып мындай деди: Курани каримдин эӊ биринчи сүрөөсүндө Алла таала «Ал бүткүл ааламдардын Раббиси», ошондой эле Ал бардык ишенимдерге ээ болгон бардык адамдардын Раббиси деп айткан. Ошондуктан, бардык адамзатка боорукерликтен башка бир нерсени көрсөтүү чыныгы момун-мусулманга мүмкүн эмес.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Биз бардык адамдар үчүн эӊ жогорку даражадагы мээримдүүлүк өлчөмдөрүн өнүктүрүүбүз керек. Ар бир адам үчүн биздин жүрөктөрүбүздөн сүйүү кудум булактан суу атып чыккандай эле атып чыгуусу керек. Биз оор ахвалга чалдыккандарга жана жүрөктөрү кайгыргандарга даба табуубуз керек. Ошондо гана биз Исламдын чыныгы өкүлдөрү деп эсептелинебиз».

2014-12-28-Jalsa-Qadian-006-1024x355

Ал киши кайталап айтты: ой-пикир жана дин эркиндиги Ислам окууларынын негизги принциби. Ал киши Ислам дини Муртад адамга (динден кайткан кишиге) кандайдыр бир жаза берүүгө такыр уруксат бербегенин түздөн-түз Курани каримден далилдеп көрсөттү жана Ислам дини кылычтын күчү менен таралган деген дооматтын бүтүндөй жалган экенин айтты.

Ал киши мындай деди: Ислам дининин тынчтык даават жолдору менен Африка, Кытай, Европа, Индия өлкөлөрүнө жана дүйнөнүн башка аймактарына жеткенин тарых баракчаларынын өзү далилдеп көрсөтөт.

Ал киши өзүнүн 2013-жылы Испанияга жасаган мурунку иш сапары жөнүндө да сөз кылды, ал иш сапарында ал киши Испаниядагы мусулмандардын өз өлкөсүнүн башка аймактарынан айдалып, узак убакытка чейин баш калкалаган аймагын көргөн.

Ал киши «мусулмандар Испаниянын ушул аймагын кайрадан ээлөөлөрү керек» деп айткан христиан окумуштуу менен да жолукканын айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Албетте, бир күнү мусулмандар күч менен айдалып жиберилген ошол аймакты биз тартып алабыз, бирок биз кандайдыр бир кылычтын күчү менен же баш аламандыктын же террордуктун кандайдыр бир жолдору менен албайбыз. Анын ордуна биз аны жалаӊ гана сүйүү-махабаттын күчү менен тартып алабыз».

2014-12-28-Jalsa-Qadian-007-1024x574

Ал киши жакын арада ЖИО (GEO) телеканалынан көрсөтүлгөн бир программаны сынга алды: ал программада кээ бир атынан эле улама деп аталуучулар Ахмадия Мусулман Жамаатына каршы ачык жек көрүүлөрдү таратышкан. Ал киши мындай деди: уламалар Пакистандагы терроризмге болгон жоопкерчиликти түпкү террористтерден башкаларга оодарууга аракеттеништи.

Ал киши бүткүл дүйнөгө дуба сурап, жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын тынчтыкты жайылтууга ой-ниети бекем экенин айтуу менен Жалса Салананы (Жылдык Жыйын) аяктады.

2014-12-28-Jalsa-Qadian-008-1024x721

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Биз – Ахмадий мусулмандар Убада Кылынган Мессияны кабыл кылып, түбөлүккө Исламдын нукура таалимдерине ылайык үлгүлүү адам болууга ант бергенбиз. Биздин миссиябыз – бул коомчулуктун ар бир деӊгээлинде жана дүйнөнүн ар бир бурчунда тынчтыкты, сүйүүнү, мээримдүүлүктү жана ынтымакты жайылтуу. Жек көрүүнүн ар бир көрүнүшү сүйүүгө жана мээримдүүлүккө айланмайынча биз тынч отурбайбыз».

Жалса Салана (Жылдык Жыйын) Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)дин жетекчилигинде суралган дуба менен аяктады, анда ал киши Ахмадий мусулмандарды дүйнөнүн тынчтыгына, ошондой эле экстремизмдин жана терроризмдин бардык көрүнүштөрүнүн жоголуусуна дуба суроого чакырды. Ал киши Африкада жайылган Эбола вирусунун жоголуусуна дуба сурады жана келе жаткан жаӊы жыл жер жүзүндөгү Ахмадий мусулмандарга жакшылыктарды жана гүлдөөлөрдү алып келсин деп да дуба кылды.

2014-12-28-Jalsa-Qadian-009-717x1024

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via