Өзгөчө бийлик жана күч-кубатка ээ болуу дубасы

Азирети Сулайман (алайхиссалаам)дын ушул дубасы кабыл болгон жана чоң-чоң баш ийбеген адамдар ага көз каранды болуп калышкан.
Азирети Салама (разияллааху анху) бин ал-Акваъ мындай деп айтат: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) качан кандайдыр бир дуба сураганда, Алла тааланын {وَهَّابٌ} «Ваххааб» (тартуулоочу) деген сыпатын сөзсүз эскертчү. Мисалга, мындай дечү:

Субхаана Раббиял-Аълал-Ваххааб.
Тартуулоочу Раббим – Ыйык». («Тафсир ад-Дурул-Мансур лис-Суютий» 4-том, 213-бет). Мисалга, Азирети Сулайман (алайхиссалаам)дын төмөнкү дубасында дагы мындай деп кезигет:

Раббигфирлий ва хаблий мулкан лаа ямбагий ли-ахадим-мим-баъдий, иннака антал-ваххааб. (38:36)
Котормосу: «Эй, Раббим! Мени кечиргин жана мага ушундай бир бийликти тартуулагын: менден кийин башка эч кимге ал жарашпасын. Албетте, Сенин Өзүң гана чексиз тартуу берүүчүсүң». («Саад» сүрөөсү:36)