Өкүм чыгаруу күчү, такыбалык, жакшы даңктуулук жана бейиш дубасы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Өкүм чыгаруу күчү, такыбалык, жакшы даңктуулук жана бейиш дубасы

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай дечү эле: «Эгер инсан даарат алып, Алла тааланын атынан ушул дубаны сураса, Алла таала ага бейиштин тамак-ашын тартуулайт, анын ооруусун анын күнөөлөрүнө кун кылып коёт, ага бактылуулардыкындай жашоо жана шейиттердикиндей өлүм насип этилет. Күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй көп болсо да, кечирилет, ага өкүм чыгаруу күчү жана такыбалык тартууланат жана анын аты дүйнөдө эскерилип түбөлүккө калтырылат». («Тафсир ад-Дурул-Мансур лис-Суютий» 4-том, 89-бет)

Рабби хаблий хукман ва алхикний бис-саалихийн. Важъал-лий лисаана сидкин фил-ааахирийн. Важъалний мин-варасати жаннатин-наъийм. (26:84-86)

Рабби хаблий хукман ва алхикний бис-саалихийн. Важъал-лий лисаана сидкин фил-ааахирийн. Важъалний мин-варасати жаннатин-наъийм. (26:84-86)

Котормосу: «Эй, Раббим! Мага хикмат (акылмандык) тартуулагын жана мени жакшы пенделер сабына кошкун! Мен үчүн кийинкилерде туура сүйлөй турган тил насип кылгын жана мени нээматтуу бейиштердин мураскерлеринен кылгын! («Аш-Шуъараа» сүрөөсү:84-86)

Share via