Намазда окулуучу дубалардын бири

Өзүнүн жана перзенттеринин сыйынуучу адам болуусу, ата-эне жана жалпы момундардын кечирилүүсү үчүн дуба
Азирети ибн Журайж мындай дечү: Ибраахиймдин үммөтү ар дайым сыйынууга туруктуу болуп келген. Аллама Шаъбий мындай деп айтат: Азирети Нух жана Азирети Ибраахийм (алайхимуссалаам) жалпы эркектердин жана аялдардын кечирилүүсү үчүн сураган дубадан мен ушунчалык ыраазы болдум: бүткүл дүйнөнүн мал-мүлкү жана байлыктары берилсе да ошончолук ыраазы болмок эмесмин. («Тафсир ад-Дурул-Мансур лис-Суютий» 4-том, 46-бет)

Раббижъалний мукиймас-салаати ва мин зурриййатий, Раббанаа ва такаббал дуъаа (41). Раббанагфирлий валиваалидаййа ва лил-му′минийна йаума якуумул-хисааб. (14:41-42)
Котормосу: «Эй, Раббим! Мени намазды аткаруучу кылгын жана менин тукумдарымды дагы. Эй, Раббибиз! Менин дубамды кабыл эткин. Эй, Раббибиз! Эсеп-кысап боло турган күнү мени, ата-энемди жана момундарды кечиргин». («Ибраахийм» сүрөөсү:41-42)