Ыйманды моюндоо менен такыба болууга дуба

Курани каримде бул дуба башка диндерден, айрыкча христиан дининен акыйкатты тааныгандан кийин ыйман келтирген ыкыластуу жана такыба тайпага арналган. Алар мындай деп дуба кылышты:

Раббанаа аааманнаа фактубнаа маъаш-шаахидийн. Вамаа ланаа лаа ну’мину биллаахи вамаа жаа’анаа минал-хакки ва натмаъу ан юдхиланаа Раббунаа маъал-каумис-саалихийн. («Ал-Мааида» сүрөөсү: 83-84)
Котормосу: «Эй, Раббибиз! Биз ыйман келтирдик. Ошондуктан, бизди күбөлүк берүүчүлөрдүн катарына жазып койгун. Биз эмнеге Аллага жана өзүбүзгө келген чындыкка ыйман келтирбейт экенбиз. Чынында, Раббибиз бизди жакшы пенделер тайпасына киргизээр, деп тилек кылабыз».