Эң жетик жана толук дуба – «Ал-Фаатиха» сүрөөсү
«Аль-Фаатиха» сүрөөсүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) Курани каримдин эң абзели (мыктысы) деп айткан. («Mустадрик Хааким»)
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га вахий-аян аркылуу мындай деп кабар берилди: буга чейин эч бир пайгамбарга тартууланбаган эң жетик дуба – «Аль-Фаатиха» сүрөөсү жана «Аль-Бакара» сүрөөсүнүн акыркы аяттары. Ушул дубалар аркылуу Алла тааладан сураган адамдын дубасы кабыл кылынат. («Сахих Муслим»)
Бир хадиси кудсийде Алла таала мындай деп айтат: «Мен намазды Өзүм менен пендемдин ортосунда бөлүп койдум. Ушул дубада Менин пендем үчүн суралгандардын баары ага сөзсүз берилет». («Сахих Муслим»)
Котормосу: Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен. Бардык мактоо-алкоо бүткүл ааламдардын Раббиси – Аллага таандык. Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу. Сыйлык (жана) Жаза күнүнүн Ээси. Биз Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз. Бизди туура жолго багыттагын – Сен тартуу кылгандардын, каарыңа дуушар болбогон жана адашпагандардын жолуна.Эй, Алла! Дубабызды кабыл кыл!