Өтө өкүнүчтүү! Дагы бир Ахмадий мусулман Пешаварда шейит болду

05-октябрь, 2020-жыл, (Пешавар, Пакистан): Бүгүн саат 13:30 чамасында Ахмадияттын экстремист каршылаштары «нөшөөрлөгөн» ок атыштып, Пешавардагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын абдан ыкластуу мүчөсү, 56 жаштагы профессор Доктор Наъийм-уд-Дин Хаттак мырзаны (PhD) өлтүрүп кетишти. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун.
Шейит маркум «Супириор Сайнс Колледжинде» сабак өтүп, үйүнө кайтып бара жатканда, мотоцикл минген экстремисттер ага «нөшөөрлөгөн» ок чыгарышкан. Ал киши шейит чөйчөгүн ошол жерден ичти.
Эске салсак, акыркы бир нече айдан бери жалпы Пакистандагы жана айрыкча Пешавардагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын каршылык күч алган. Буга чейин, 61 жаштагы Ахмадий мусулман Меъраж Ахмад медициналык дүкөнүнөн үйүнө кайтып келе жатканда, 2020-жылдын 12-августунда кол салынган болчу, натыйжада 62 жаштагы Меъраж Ахмад кол салууда шейит болду. 20-сентябрда дагы бир Ахмадий мусулманга кол салынган.
Азирети Амир-ул-Му′мийн Халифатул-Масийх V (аййадахуллааху таъала би-насрихил–азиз) өзүнүн акыркы жума кутбасында Ахмадияттын каршылаштарына Пакистанда каршылыктын күчтүү толкуну болуп жаткандыгын эскерткен. Укук коргоо органдары акыйкаттыкты билбестен, тескерисинче аны бузуп жатышат. Алар молдолордун айткандарын аткарып жатышат. Балким, алар ушундай жол менен саясий туруктуулукка жетебиз деп ойлошот. Бирок бул алардын катасы. Бул алардын жок болушунун башаты болорун эч эсиңерден чыгарбагыла.
Ахмадия Мусулман Жамаатынын расмий өкүлү Салийммуддин мырза трагедиялуу окуяны айыптап, өкмөттөн профессор Наъиймуддин шейитти өлтүргөндөрүн дароо камакка алууну жана аларды мыйзам чегинде катуу жазалоону талап кылды. Ошондой эле, келечекте мындай кайгылуу окуяларды алдын алуу үчүн тиешелүү чараларды көрүү керек.
Ахмадия Мусулман Жамааты Аллах Тааланын жолунда курмандык чалууну чоң бактылуулук деп эсептейт, анткени тирүү элдер курмандык чалуу менен гүлдөп-өсүшөт. Аллах Тааладан Пакистанды Исламдын атынан бүткүл өлкөнү экстремизм туңгуюгуна түртө баштаган экстремисттерден тазалоосун суранабыз.
٭…٭…٭