Анан өз ара сүйүү жана бир тууганчылык таалимин берип жатып Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай деп айтат: «Өз ара бир тууганчылык жана сүйүү жараткыла, ошондой эле жапайычылык жана келишпестиктерди жойгула. Ар кандай азил жана маскарадан бүтүндөй оолак болгула, анткени маскара адамзаттын жүрөгүн чындыктан алыстатып, кандайдыр бир оолак жайда адаштырып коёт. Өз ара бири-бириңерди урмат кылгыла.