Бешинчи шартта Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) төмөндөгүдөй убада алган эле: кыйынчылык, оорчулук, балээ, кырсык, кордук жана кемсинтилүү өңдүү кандай жагдай болбосун, эч качан Алла Таалага арызданбайсыңар. «Ооба, Анын ыраазычылыгына дайыма ыраазы болуп турамын», – деп Анын берешендигин сурап тургула. Бул жөнүндө бир топ иш жүзүндөгү үлгүлөрдү ортого таштаймын. Эң алгач Азирети Халифатул-Масийхил-Аввал (разияллааху анху)нун үлгүсү