Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын экинчи халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:
«Дагы бир суроо Ахмадий эмес адамдын жаназасын окуу тууралуу берилет. Бул маселеде Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) кээ бир жагдайларда жаназа окууга уруксат берген деген кыйынчылык сунуш кылынат. Туура, кээ бир жазып-айткандарынан ушул нерсе малым болот. Бир кат да табылды, ага ой жүгүртүлөт. Бирок Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын иш жүзүндөгү практикасы (амалы) буга каршы болгон. Мисалы, өз тилинен ал (алайхиссалаам)ды тастыктаган бир уулу каза болуп калды. Ал каза болгондо, ал (алайхиссалаам)дын ары бери басып жүрүп: «Ал эч качан тентектик кылган эмес, тескерисинче мага баш ийип жүргөн. Бир жолу мен катуу ооруп калып, оорунун катуу экендигинен эсимди жоготуп салдым, мен өзүмө келгенимде, анын жанымда туруп, катуу ыйлап жатканын көрдүм», – деп айткандыгы менин эсимде. Ал (алайхиссалаам): «Ал мени аябай сыйлачу», – деп да айткан. Ал кээ бир Ахмадийлерден да көбүрөөк баш ийүүчү экендигине карабай, ал (алайхиссалаам) анын жаназасын окубады. Мухаммадий Бегам тууралуу чыр-чатак чыкканда, анын жубайы жана анын кайындары да аларга кошулуп кетишти. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) ага өз жубайыңды талак кылгын деп айтканда, ал талакты жазып, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га жиберип: «Сиз каалаганыңыздай кыла бериңиз», – деп айтты. Бирок ушуга карабай, ал өлгөндө, ал (алайхиссалаам) анын жаназасын окуган эмес.
Хадисте кезиккендей, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын агасы Абу Таалиб көз жумганда, (кээ бир адамдар аны мусулман деп жазышкан, бирок чындыгында ал мусулман болгон эмес) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, ага! Бир жолу «Лаа илааха иллаллаах», – деп айтып коюңуз, натыйжада мен Алла Тааланын алдында сиз үчүн шапаат кылайын?» – деп айтканда, ал киши: «Эмне кылайын, сиз айтып жаткандарыңызды жүрөк болсо, кабыл кылат, бирок аны тилим менен айта албай калганымдын себеби, адамдар: «Өлөрдө коркуп кетти», – деп айтышат», – деди. Анан ошондой ахвалда өлдү. («Ас-Сийратун-Набвиййа ли-Ибни Хашшаам», 2-том, 418-бет, «Муассаса улуумил-Куран» – Бейрут)
Ал Азирети Али (разияллааху анху)нун атасы болгондугу үчүн ал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан бир аз кут-береке алууну каалаган, бирок ушуну менен бирге ал мусулман болбогондугу үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) капа болуп кетпесин деп да корккон. Ошондуктан, ал өз атасынын өлүмү тууралуу кабарды: «Эй, Алланын Элчиси! Сиздин адашкан чал агаңыз өлдү», – деген сөздөр менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жеткирген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Барып, ага гусул бергин», – деп айтты, бирок анын жаназасын окубады. Курани Каримден малым болгондой, сыртынан караганда Ислам динин кабыл алган адамдын жүрөгүнүн каапыр экендиги анык маалым болгондон кийин анын жаназасын окуу да адал эмес. Андай болсо, Ахмадий эмес адамдын жаназасын окуу кантип адал болсун?
Бул – диндин кептери, аларда талашып-тартышуунун негизи жок болушу керек. Дүйнө иштеринде биз башкалар менен бирге турабыз, бирок дин маселесинде айырмабыз бар, ал боюнча алар менен бирге тура албайбыз. Акыл-парасаты бар адам муну жакшы түшүнөт. Лакхнау шаарында биз бир улуу аалым менен жолукканыбызда, ал: «Силер адамдарга катуу душмансыңар, себеби силер элдин арасында бизди каапыр деп айтып жатасыңар, силер сыяктуу эр жүрөк адамдардын мына ошондой айтышын мен кабыл кыла албайм», – деп айтты. Шейх Яъкубалы Сахиб аны менен сүйлөшүп жаткан эле. Мен ага: «Сиз ага чынында эле силерди каапыр дейбиз», – деп айтып коюңуз дедим. Ал муну угуп аябай айран-таң калды. Бирок, качан андан: «Силер келүүсүн күтүп жаткан Масийхиңерди четке каккандарды эмне деп чакырасыңар?» – деп суралганда, ал киши: «Болуптур, мен түшүндүм, силердин бизди каапыр деп айтууга албетте, акыңыз бар», – деп айтты.
Ошондуктан, силер динди өз ордуна жана дүйнөнү өз ордуна койгула. Дин маселесине келгенде, дароо ажырашкыла. «Эмнеге бизди каапыр дейсиңер?» – деп ачуулана тургандардан: «Силер күтүп жаткан Масийхиңер келгенде, аны четке каккан адамдарды эмне деп чакырасыңар?» – деп сурагыла. «Алардын башын кесип салгыла», – деп айтасыңар да. Бирок биз бирөөнүн башын кеспейбиз, биз болгону шарият фатвасын гана колдонобуз. Мына ошондой адамдарга: «Эгер силердин назарыңарда биз бир жалганчы Масийхке ишенген болсок, анда биздин жаназа окушубуз менен силердин маййитиңерге эмне пайда болот. Биз мусулман болбогондон кийин биздин дубабыз менен силердин маййитиңердин күнөөлөрү кечирилеби?» – деп айткыла. Демек, эгер бирөө ушул нерселерге ой жүгүртсө, анда эч качан чыр-чатак чыкпайт.
Ушул жерде «Ахмадий эместердин Убада кылынган Масийх (алайхиссалаам)ды четке кагуучу экендиги үчүн алардын жаназасын окубаш керек, бирок эгер бир Ахмадий эмес кишинин жаш баласы өлүп калса, анын жаназасын эмнеге окубаш керек, ал Убада кылынган Масийх (алайхиссалаам)ды четке кагуучу эмес да» – деген дагы бир суроо берилет. Мен мына ушундай суроо берген адамдан: «Андай болсо, анда эмнеге хиндилер менен христиандардын балдарынын жаназасы окулбайт жана алардын жаназасын окуй турган канча адамдар бар?» – деп сураймын. Негизинен, ата-энелердин динин гана шарият анын баласынын дини деп айтат. Ошентип, Ахмадий эмес адамдын баласы да Ахмадий эмес болуп эсептелинет. Ошондуктан, анын жаназасын да окубаш керек. Мындан тышкары, мен бала күнөөкөр болбойт да, ага жаназанын эмне кажети бар деп да айтам. Баланын жаназасы бир гана анын артында калган жакын туугандары үчүн кандайдыр бир дуба болот жана анын артында калган жакын туугандары Ахмадий болбой, Ахмадий эмес болушат. Ошондуктан, баланын жаназасын да окубаш керек. Убада кылынган Масийх (алайхиссалаам)ды чынчыл деп билген, бирок алигиче Байъат бербеген же Ахмадия тууралуу ой жүгүртүп келе жаткан бир адамга келе турган болсок, эгер ал ошондой ахвалда өлүп кетсе, ага Алла Таала кандайдыр бир жаза бербей коюшу да мүмкүн, бирок шарияттын фатвасы көрүнүп турган жагдайга карап эле берилет, ошон үчүн ал жөнүндө дагы анын жаназасын окубаш керек деп айтабыз. («Анваар-э-Хилаафат», «Анваарул-Улуум», 3-том, 148-151-бет)