Былтыр 550,000ден ашуун адам Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирген
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Былтыр 550,000ден ашуун адам Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кирген

Англиянын 48-Жалса Саланасы Хэмпшир деген жерде өткөрүлөт

Күн мурун Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) Ахмадия Мусулман Жамаатынын эл аралык ишмердүүлүгү жана өсүп-өнүгүүсү жөнүндө жылдык отчётту сунуштады. Ал киши отчётту Хэмпшир деген жерге караштуу «Хадийкатул-Махдийде» болуп өткөн 48-Жалса Салананын (Жылдык Жыйын) экинчи күнү сунуштады.

Отчёттун аралыгында ал киши мындай деп билдирди: өткөн бир жылдын ичинде 550,000ден ашуун адам Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулду.

Ал киши бүгүнкү күндө Ахмадия Мусулман Жамааты дүйнөдөгү 206 өлкөдө өз тамырын жайдырды жана былтыр Ахмадия Мусулман Жамааты Белиз менен Уругвай деген өлкөлөрдө биринчи жолу түзүлдү деп да билдирди.

Jalsa-Salana-UK-2014-2

Ал киши өткөн жылы Ахмадия Мусулман Жамааты Курани каримдин маори тилиндеги котормосун бүтүрдү, ошентип, аталган Жамаат бүгүнкү күнгө чейин Курани каримди 72 тилге которуп басмадан чыгарды деп да билдирди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди: Ахмадия Мусулман Жамаатынын өсүп-өнүгүүсү Алла тааланын жардамына негизделет жана албетте Алла таала түштөр аркылуу бир топ адамдарды Ахмадия-Исламдын чынчылдыгына багыт берди.

Жылдык отчёт Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) быйылкы Жалса Саланага жасаган төртүнчү кайрылуусу болчу.

Жума күнү ал киши өзүнүн жумалык жума кутбасын окуду, кийинчерээк быйылкы Жалсага ачылуу кайрылуусун жасап, ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын чыныгы жана нукура мүнөзү жөнүндө сөз кылды.

Jalsa-Salana-UK-2014-5

Азирети Мырза Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Курани карим Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)ды «бүткүл адамзат үчүн мээримдүүлүк» катары сунуштады. Ал(сав)дын мээримдүүлүгү жана сүйүү-махабаты мусулмандарга эле чектелген эмес, тескерисинче ар бир адам, ар бир жай, ар бир убакыт ага кирет.

Демек, Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссиясы – бул Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын мээримдүүлүгүн жана сүйүү-махабатын дүйнөнүн булуӊ-бурчтарына чейин жеткирүү».   

Жалса Салананын учурунда ал киши Ахмадия желегин көтөрдү, ал эми Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын улуттук төрагасы Рафик Хаят мырза Британиянын желегин көтөрдү.

Jalsa-Salana-UK-2014-4

Жыйын базар күнү Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) жасай турган соӊку кайрылуусу менен бүтөт деп күтүлүүдө.

Jalsa-Salana-UK-2014-5

Базар күнү эле 30,000ге жакын Ахмадий мусулмандар «Байъат» деп аталуучу аземде Халифага ант беришет.

Жер жүзүндөгү миллиондогон Ахмадий мусулмандар да МТА Интернейшналдан (Эл аралык Муслим ТВ Ахмадия) түз эфир аркылуу аземге катышат.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via