Англиянын 48-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) аяктады
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Англиянын 48-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) аяктады

33,000ден ашуун адам жана 97 жети өлкөнүн өкүлдөрү катышты

2014-жылдын 31-августунда Англиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 48-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмаддын (Алла таала ага Жардамчы болсун) ыймандарды күчтөндүрүүчү кайрылуусу менен аяктады.

Быйыл 97 өлкөдөн келген 33,000ден ашуун адам Жалса Саланага катышты. Катышкан миӊдеген Ахмадий мусулмандардан тышкары көптөгөн Ахмадий эмес мусулмандар жана мусулман эмес коноктор да аземге катышканы келишти.

Jalsa-Salana-UK-2014-2

Жалса Саланада болгон жаӊылыктардын эӊ башкысы базар күнү жүз берген «Байъат» деп аталуучу ант берүү аземи болчу. Ага катышкандар Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын халифасы катары Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба)ге ант беришти.  Катышкандар Халифанын колуна колдорун коюшуп, адамдардан турган чынжырды түзүп, ант сөздөрүн чогуу кайталашты.

Аземдин башында ал киши: «Өткөн бир жыл аралыгында 550,000ден ашуун адам Ахмадия Мусулман Жамаатына кошулду», – деп билдирди.

Өзүнүн жыйынтык кайрылуусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү, Убада Кылынган Мессия жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын Исламдын тынчтык жана нукура таалимдерин кайрадан жандандыруу максатсында келгендиги тууралуу сөз кылды.

Jalsa-Salana-UK-2014-3

Убада Кылынган Мессия мындай деди: Алла таала Жалгыз жана бардык адамдарга эл аралык таалимдерди алып келген Пайгамбар – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) эӊ акыркы шарият алып келген Пайгамбар.

Жалса Салананын учурунда ал киши мындай деди: бүгүнкү дүйнө Исламга жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га каршы өтө көп негизи жок сын-пикирлерди айтат.

Ал киши мындай деди: мына ошондой сын-пикирлердин баары бүтүндөй негизсиз жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) чынында бардык адамдарга, бардык замандарга сүйүү-махабат жана мээримдүүлүктү таратуу максатында келген бүткүл адамзатка мээримдүүлүк болчу.

Жалса Салана ал кишинин дуба суроосу менен аяктады. Бул дубада ал киши Ахмадий мусулмандарды дүйнөдө тынчтык болушу үчүн, мусулман дүйнөнүн Исламдын нукура таалимдерине туура багыт алышы үчүн, ошондой эле бардык баш аламандыктардын жана мыкаачылыктардын токтошу үчүн дуба кылууга чакырды.

Айрыкча, ал киши учурдагы Газа согушунда жабыркаган бейкүнөөлөр үчүн дуба кылды.

Jalsa-Salana-UK-2014-4

Жалса Салана Хэмпшир деген жерге караштуу «Хадийкатул-Махдий» (Махдийдин багы) деп аталуучу 200 гектерге жайылган Алтон калхозунда болуп өттү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) жасаган беш (5) кайрылуусунан тышкары ар кайсы башка кайрылуучулар жана уламалар да үч күндүк аземдин аралыганда кайрылууларды жасашкан.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын тарыхы жөнүндөгү документтүү көргөзмө жана адам укугу жөнүндөгү көргөзмө менен кошо ар түрдүү көргөзмөлөрү да сунушталды.

Jalsa-Salana-UK-2014-5

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via