Чыныгы өкүмдү талап кылуу дубасы

Азирети Катаада (разияллааху анху) рабаят этет: «Качан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кандайдыр бир согуш маалдарында айрыкча ушул дубаны сурачу». («Тафсир ад-Дурул-Мансур лис-Суютии» 4-том, 342-бет)

Раббихкум бил-хакки ва Раббунар-Рахмаанул-мустаъаану алаа маа тасифуун. (21:113)
Котормосу: «Эй, Раббим! Акыйкат менен өкүм кыл. Биздин Раббибиз – силер ойлоп чыгарган нерселерге каршы жардам үчүн жалбарыла турган Рахмаан». («Ал-Анбия» сүрөөсү:113)