Азирети Муса (алайхиссалаам)дын шүгүрчүлүк кылуу жана заалим коомдон оолак болуу дубасы

Азирети Муса (алайхиссалаам)дын колунан кокус бир адам өлгөн, ошондо ал киши Алла Тааладан кечирим сураган. Алла Таала аны кечиргендиги жөнүндө кабар берди, ошондо Азирети Муса (алайхиссалаам) шүгүрчүлүк дубасын сураган. رَبِّ بِمَاۤ اَنۡعَمۡتَ عَلَیَّ فَلَنۡ اَکُوۡنَ ظَہِیۡرًا لِّلۡمُجۡرِمِیۡنَОКУЛУШУ: РАББИ БИМАА АНЪАМТА АЛАЙЙА ФА-ЛАН АКУУНА ЗАХИЙРАЛ-ЛИЛ-МУЖРИМИЙН. (28:18)
Котормосу: «Эй, Раббим! Сен мага белек кылганың үчүн мен келечекте күнөөкөрлөргө эч жардамчы болбойм». («Ал-Касас» сүрөөсү:18)