Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германия-Австрия чегарасында «Алпс» дегенди көргөнү барды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Германия-Австрия чегарасында «Алпс» дегенди көргөнү барды

Азирети Мырза Мсрур Ахмад(аба) Франкфуртка кайтуудан мурда Фалькенштайнга визит жасады

2014-жылдын 10-июнунда Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы – Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) Германия менен Австриянын чек арасына жакын жайгашкан Фалькенштайн деген тарыхый жана кооз шаарга визит жасады.

Мюнхен шаарына караштуу Нойфарн деген жерде «Ал-Махдий» мечитинин ачылуу аземине катышкан соӊ ал киши Фалькенштайн шаарына жөнөдү.

Alps-2

Сапар аралыгында абдан кооз жана жагымдуу өрөөндөрдөн өтүп, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) жана аны менен бирге баргандар Фалькенштайн шаарынын бир бийик тоосунда жайгашкан «Бург» мейманканасына конушту. Бул мейманкана Австрияда жайгашкан белгилүү тоолор курамы «Алпстын» маӊдайында Германиянын чек арасынын ичинде жайгашкан.

Бир жергиликтүү гид ал кишиге бул аймактын тарыхынан маалымат берди. Андан кийин ал киши жеке өзү тоолорду сүрөткө тартты.

Түшкү тамактан кийин Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мейманканада пешин менен дигер намазын кошуп окутту. Андан кийин ал киши артка кайтты. Кечки саат 8:20да ал кишинин кербени Франкфурт шаарында жайгашкан «Байтус-Субух» мечитине жетип келди. Ал жерге чогулушкан жергиликтүү Ахмадий мусулмандар ал кишини жылуу тосуп алышты.

Alps-3

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) ошол эле күнү кечки 12:35те «Ал-Махдий» мечитинен жөнөгөн эле, ошондо ал жерге топтолгон жергиликтүү Ахмадий мусулмандар өздөрүнүн сүйүктүү руханий жетекчисин колдорун булгалап, узатышкан болчу.

Alps-4

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via