05-октябрь, 2020-жыл, (Пешавар, Пакистан): Бүгүн саат 13:30 чамасында Ахмадияттын экстремист каршылаштары «нөшөөрлөгөн» ок атыштып, Пешавардагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын абдан ыкластуу мүчөсү, 56 жаштагы профессор Доктор Наъийм-уд-Дин Хаттак мырзаны (PhD) өлтүрүп кетишти. Иннаа Лиллаахи Ва Иннаа Илайхи Раажиъуун. Шейит маркум «Супириор Сайнс Колледжинде» сабак өтүп, үйүнө кайтып бара жатканда, мотоцикл минген экстремисттер ага «нөшөөрлөгөн» ок чыгарышкан.