Азирети Лут (алайхиссалаам) качан өз коомуна ыплас кылыктарды жасабоого насаат кылганда, алар: «Эгер чынчыл болсоң, бизге азап алып кел», – деп жооп беришкен. Ошондо Азирети Лут (алайхиссалаам) төмөнкү дубаны сураган: رَبِّ انۡصُرۡنِیۡ عَلَی الۡقَوۡمِ الۡمُفۡسِدِیۡنَОКУЛУШУ: РАББИН-СУРНИЙ АЛАЛ-КАУМИЛ-МУФСИДИЙН. (29:31) Котормосу: «Эй, Раббим! Ушул бузгунчулук кылуучу коомго каршы Өзүң мага жардам кыл!» («Ал-Анкабуут» сүрөөсү:31)