Халифа Лондонго кайтып келди
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Халифа Лондонго кайтып келди

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Германияга тарткан 15 күндүк иш сапарынан кайтып келди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2014-жылдын 17-июнунда Германиянын Франкфурт шаарында дуба сурап жатат

Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) 2014-жылдын 17-июнунда Германияга тарткан 15 күндүк иш сапарынан кийин Лондонго кайтып келди.

Өзүнүн иш сапарынын аралыгында ал киши Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 39-Жалса Саланасына (Жылдык Жыйын) катышты. Ал киши эки (2) мечитти ачып, дагы эки мечитке башталгыч кышты да койду. Ал киши ар кайсы өлкөлөрдөн келген делегаттар, ошондой эле миӊдеген Ахмадий мусулмандар менен да жолугушкан.

Ал киши Франкфуртта жайгашкан «Байтус-Сабух» мечитинен саат 10:05те жолго чыкты, ошол убакытта өздөрүнүн руханий жетекчисин узатуу максатында ал жерге жүздөгөн Ахмадий мусулмандар чогулушкан эле.

Ал Германия, Бельгия жана Франция аркылуу Кале шаарына келди. Каналдан өткөн соӊ ал киши түздөн-түз Лондондо жайгашкан «Фазл» мечитине алып барылып, жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:45те ал жерге топтолгон жүздөгөн Ахмадий мусулмандар тарабынан тосулуп алынды.  

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via