Бүткүл дүйнөлүк Жол башчы мусулман дүйнөнү туура эмес жетелеп жаткан мусулман төрагаларды жана уламаларды сынга алды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Бүткүл дүйнөлүк Жол башчы мусулман дүйнөнү туура эмес жетелеп жаткан мусулман төрагаларды жана уламаларды сынга алды

Азирети Мырза Масрур Ахмад акыркы күндөрдө жарык көргөн Анти-Ислам видеотасмасын да сынга алды

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) быйылкы Рамазан айында окуган өзүнүн биринчи жума кутбасында мусулман дүйнөсүн туура жолду тандоого чакырды.

2014-жылдын 4-июлунунда Лондондо жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде сүйлөп жатып, Халифа мындай деди: өкүнүчтүүсү, мусулман төрагалардын жана диний уламалардын көбү Ислам белгилеген моралдык стандарттарды кармашпайт. Анын ордуна алар саясий максаттарга жана бийликке жетишүүнү каалашат. Ал киши мындай деди: эгер орозого чынчылдык жана такыба коштобосо, анда орозонун эч кандай пайдасы жок.

Булар Жихад деген диний милдетин аткарып жатышат деген билдирүү менен мусулман жаштарды согуштарга катышууга жана аларды бүтүндөй туура эмес багытка жетелеп жаткан атынан эле мусулман деп аталган жетекчилерди жана уламаларды ал киши сынга алды.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Мусулман лидерлер жана атынан эле улама деп аталгандар чынчыл же Алла тааладан корккон адамдар эмес, натыйжада алардан таасирленгендер бүтүндөй туура эмес жакка жетеленген. Уламалар бул нерсе аларды Алла таала жакка жетелейт деп, эч нерсени билбеген жаштарды жаманчылыкка жана жапайычылыкка түртүп жатышат».

Ал киши мындай деп кошумчалады:

«Мына ошол жаштарды же бүткүл мусулман үммөтүн багыттай турган эч ким жок. Жапайычылык туура жол да эмес, адилеттүүлүк да эмес. Алар кылып жаткан иштери жихад эмес, себеби өлтүрүү жана кан төгүү Алла тааладан эле алыстатат».

Халифа мындай деди: өлтүрүүнүн, мыкаачылыктын жана адилетсиздиктин бардык көрүнүштөрү бүтүндөй Ислам таалимдерине каршы келет. Ал киши мындай деди: Алла таала мына ошондой тайпаларга эч качан хилаафат тартуулабайт.

2014-07-04-FS-002-1024x386

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Алла таала мына ошондой жаман адамдарга хилаафатты орнотууга жана жердин үстүндө Анын өкүлдөрү болууга такыр уруксат берүүсү мүмкүнбү? Эӊ Мээримдүү болгон Алла заалимдерге жана мыкаачыларга такыр көмөкчү болуусу мүмкүнбү? Эч качан!

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)ды бүткүл адамзатка мээримдүүлүк катары жөнөткөн Алла Өзүнүн ыйык Пайгамбарынын атынан жер үстүндө мыккачылыктарды болтурууга жол берүүсү мүмкүнбү? Эч качан!»

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди: бул доордо бир эле хилаафат чыныгы хилаафат болуп саналат, бул – Ахмадия Мусулман Жамааты аркылуу орношкон хилаафат гана. Бул – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) өзүнүн тирүү кезинде алдын-ала кабарлаган хилаафаттын өзү гана.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) алдын-ала кабарлаган кабарлары боюнча бул доордо чыныгы хилаафат Убада Кылынган Мессиядан кийин пайда боло турган хилаафат болушу керек болчу жана Алла тааланын Жардамы жана Колдоосу менен ал орношуп калды. Ушул чыныгы хилаафаттан бөлүнүп, хилаафатты орнотууга болгон ар бир доо жалган жана мына ошондой доолор дүйнөлүк күч-кубатты ээлөө үчүн же жалган жолу менен дин атынан бийликтерге ээ болуу үчүн гана жасалат».

Ал киши мындай деди: мусулман дүйнө үчүн өзүнүн учурдагы кейиштүү ахвалынан жана уруш-талашынан чыгуунун жападан-жалгыз жолу – бул Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсүн Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий катары кабыл кылуу.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Эгер мусулман үммөтү Убада Кылынган Мессияга каршылык көрсөтүүнүн ордуна ага жардам берүүгө жана анын миссиясын алга сүрүүгө биригип алса, анда ар бир мусулман өлкөдө мусулмандардын арасында өкүм сүрүп жаткан баш аламандык бүтмөк. Өкүм сүрүп жаткан тынчсыздык, баш аламандык жана уруш-жаӊжал сүйүү-махабат жана гармонияга айланмак».

Ал киши өзүнүн жума кутбасында бир эле учурда Америка менен Германияда жарык көргөн Анти-Ислам видеотасмасын да сынга алды. Ал мындай деди: Ахмадий мусулмандар мыйзам чегинде жана тынчтык жолу менен ушул провокацияга жооп кайтарышат. Ал киши мындай деп кошумчалады: Ахмадий мусулмандар үзгүлтүксүз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га салаваат (Дурууд) айтуулары лаазым.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via