Азирети Мырза Масрур Ахмад Лондондо Орозо айтын окутту
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Мырза Масрур Ахмад Лондондо Орозо айтын окутту

Халифа адам өзүнүн руханий милдеттерин айт күнү эле эмес, тескерисинче ар дайым аткаруунун зарылдыгы жөнүндө айт кутбасын окуду

Elementry Study of Islam01 copy

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала ага Жардамчы болсун) 2014-жылдын 30-июлунда орозо айтын белгилеп жатып, Лондон шаарында жайгашкан «Байтул-Футух» мечитинде чогулган 10000 ден ашуун Ахмадий мусулмандарга айт кутбасын окуду, ал эми миллиондогон көрөрмандар алып барылып жаткан программаларды МТА Интернейшнал (Бүткүл дүйнөлүк Муслим ТВ Ахмадия) аркылуу түз эфирден көрүштү.

Айт намазын окуткан соӊ ал киши чогулгандарга кайрылуу жасап, айттын нукура максаттарын айтып берди; ал киши руханийлик жана Алла тааланын сүйүүсүнө жетишүү деген үзгүлтүксүз процесс жөнүндө сөз кылды, ошондой эле ал киши Пакистандагы Гужранвала шаарында жакында шейит кеткен үч (3) Ахмадий мусулмандар тууралуу да сөз кылды.

2014-07-30-Eid-2-1024x625

Айттын маани-мазмуну жөнүндө Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) ыйманга «чын жүрөктөн берилүү» деген атты берген, анын мааниси бул: чыныгы ыйманда адамдын жүрөгү ыймандын кубанычы менен ырахаттанат. Ошентип, чыныгы айт майрамында адам өзүнүн дининин талаптарын аткаруу менен кубанат жана өзүнүн милдеттеринин бирөөсүн да өзүнө жүк деп эсептебейт».

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деп улантат:

«Чыныгы ишенимде Алла тааланын ибадаты эле кубаныч жана канаттануунун куралы болуп саналат. Чыныгы ишенимде силер Алла таала үчүн, башкалар үчүн жана өз Жамаатыӊар үчүн керектүү курмандыктарды чоӊ кубаныч менен жасайсыӊар. Мына ушул ыкмада өмүр сүрүп жаткан ар бир эркек же аял чыныгы айт майрамын жана өз жашоосунун ар бир күнүн майрамдоого татыктуу».

2014-07-30-Eid-3-1024x490

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) эки-үч күн мурда Пакистандагы Гужранвала шаарында шейит кылынган үч (3) Ахмадий мусулман жөнүндө да сөз кылды. Ал киши жабыркагандар үчүн жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн дуба сурады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Сүйүктүүлөрүӊөрдөн айрылууӊар кандайдыр бир кичине кайгы эмес, айрыкча ушул мыкаачылык чабуулда өзүнүн эки (2) жаш кызын жоготкон аялдын кайгысын элестетүү өтө эле кыйын. Ушул трагедияга сабыр кылуу өзүнчө чоӊ бир курмандык, айрыкча ойлоп көргүлөчү, бул окуя айт майрамына бир күн мурда ал эне өзүнүн жаш үй-бүлөсү менен майрамдоого даярдык көрүп отурган убакытта болду.

Алла таала жабыркаган жана аза күткөндөрдүн баарына чоӊ сабыр жана кайрат берсин, ошондой эле Алла таала ал аялдын улуу курмандыгына кун катары ага зор берекелерди тартууласын».  

2014-07-30-Eid-4-1024x681

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) «Байтул-Футух» мечитинде чогулган бардык адамдарды жана жер жүзүндөгү миллиондогон Ахмадий мусулмандарды айт майрамы менен куттуктап, өзүнүн кутбасын аяктады.

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via