Азирети Имам Махдий(ас)дын 5-халифасынын Гужранвала чабуулу жөнүндө баяндамасы
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Имам Махдий(ас)дын 5-халифасынын Гужранвала чабуулу жөнүндө баяндамасы

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси үч (3) Ахмадий мусулмандын өлтүрүлүшүн сынга алды

2014-жылдын 27-июлунда Гужранвала шаарындагы Качи-Памп деген аймакта бир диний-агымчылык чабуулда жергиликтүү экстремисттер Ахмадий мусулмандарга чабуул жасашты. Чабуулда үч (3) Ахмадий мусулман шейит кетти, алардын катарында жети (7) жашар кыз жана анын сегиз (8) айлык ымыркай-сиӊдиси да бар болчу.

Мына ушул мыкаачылык жана ырайымсыздык чабуулга жооп кылып, Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл дүйнөлүк Жетекчиси Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бул чабуул өтө чоӊ мыкаачылык жана зулумдук амал болуп, анда өздөрүнүн үйлөрүндө тынч эле олтурган бейкүнөө адамдарга чабуул жасалып, алар өлтүрүлүштү.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын бир мүчөсү кылган провокациянын айынан чабуул жасалды деп билдирилген доосу таптакыр жалган. Бул доомат бүтүндөй жалган жана анын эч бир негизи жок. Эгер ушул чабуулчулар чынында эле бир адам аларды провокация кылган деп ойлошсо, анда алар анын колго түшүрүлүүсүн талап кылуулары керек болчу, бирок анын ордуна алар карыган бир кемпир менен анын эки небересин тирүү бойдон өрттөөнү тандашты. Чындыгында, бул адамгерчиликтин бардык көрүнүштөрүнө жасалган чабуул болуп, эки (2) жаш бала менен кошо үч (3) адамдын өлүмү менен аяктады.  

Бул чабуул жасалганда, жергиликтүү полиция карап эле турган жана аны токтотууга такыр аракет жасаган эмес. Бул көрүнүш Пакистанда Ахмадий мусулмандарга каршы болуп жаткан зулумдукка бийликтегилердин жардам берип жатканына дагы бир мисал.  

Муну да ачык-айкын айтып коёюн: биз – Ахмадий мусулмандар эч бир дүйнөлүк акцияга барбайбыз жана көчөлөргө да чыкпайбыз. Биз беттешип келе жаткан ар бир зулумдукка төмөнкүдөй жообубуз бар жана ар дайым ошол эле жооп болот: биз Алла тааланын алдына жыгылабыз, ошондой эле Анын жардамын жана ырайымдуулугун сурайбыз. 

Ушул мыкаачылык чабуул Ислам атынан жасалган, бирок чындыгында мына ошондой чыр-чатактын Ислам менен же анын таалимдери менен эч кандай алаксы жок. Мына ошондой ырайымсыз чабуулдар ашынган даражадагы айбанчылык деп эсептелинет. Бул шайтан түрүндөгү чабуулдар Исламдын тынчтык жана нукура таалимдеринин жүзүнө түшкөн так.

Адамдарды өлтүрүү жана чыр-чатак жолу менен каршылык көрсөтүү – бул Ислам амалы эмес. Жок, бул Алла таалага ишенбеген жана адамга таандык негизги баалуулуктардан же мамилелерден куру-жалак калган адамдардын амалы. 

Алла таала жабыркагандардын баарына жана жер жүзүндөгү бардык Ахмадий мусулмандарга сабыр жана кайрат берсин».

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via