Таза балдардын төрөлүү дубасы

Азирети Закария (алайхиссалаам) Азирети Марямдын жанында (ал анын тарбиясында болчу) мезгилсиз мөмөлөрдү көрүп: «Бул кайдан келди?» – деп сураган. Ал дароо: «Алладан!» – деп жооп берген. Ушундан Азирети Закария (алайхиссалаам)да дуба суроого катуу кызыгуу пайда болуп, ушул дубаны сураган. Ал дуба сурап жатканда, Михрааб[1]да (мечиттерде имам-хатиб туруп окуган намаз жайы) турган мезгилде эле ошол дуба кабыл болгондугу тууралуу сүйүнчүлөнгөн жана ага Азирети Яхя (алайхиссалаам) тартууланган. («Аали Имраан» сүрөөсү:30-38)

Рабби хаблий милладунка зурриййатан таййибатан, иннака самийъуд-дуаа′а. (3:39)
Котормосу: «Эй, Раббим! Мага Өзүңдөн пакиза тукум тартуулагын. Албетте, Сен дубаны кабыл кылуучусуң». («Аали Имран» сүрөөсү:39)
[1] Мечиттерде имам туруп окуган намаз жайы.