Өкүм чыгарууну талап кылуу дубасы

Азирети Нух (алайхиссалаам) өз коомунун четке кагуусунан кыйналып, чечкиндүү өкүм чыгарууну сурап, өзүнүн жана өз жамаатынын кутулуусу үчүн дуба сураган. Алла таала: «Биз аны кабыл кылдык, анын коомун топонго чөктүрүп, Нух (алайхиссалаам)ды жана анын жамаатын (адамдарга) толгон кемеде куткарып алдык», – деди. («Аш-Шуъараа:118-119)

Рабби инна каумий каззабууний, фафтах байний ва байнахум фатхан ва нажжиний ва мам-маъия минал-му′минийн. (26:118-119)
Котормосу: «Эй, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарган. Ошондуктан, мени менен коомумдун ортосунда ачык-айкын өкүм чыгаргын, ошондой эле мени жана мени менен бирге болгон момундарды куткаргын!» («Аш-Шуъараа» сүрөөсү:118-119)