Амалдары бузуку коомдун жаман таасирлеринен сактануу дубасы

Азирети Лут (алайхиссалаам) өз коомуна насаат кылганда, анын коому ага мындай деп эскертүү жасаган: «Эй, Лут! Эгер сен кайтпасаң, анда сени кубалап жиберебиз». Ошондо Азирети Лут (алайхиссалаам) төмөндөгү дубаны сураган. Анын дубасын Алла Таала кабыл кылып, анан мындай деп айтат: «Биз ушул дубаны кабыл кылдык, Лут жана анын үй-бүлөөсүн (анын жубайынан башкасын) куткардык жана анын коомун жок кылып жибердик». («Аш-Шуъараа» сүрөөсү: 166-174)رَبِّ نَجِّنِیۡ وَاَہۡلِیۡ مِمَّا یَعۡمَلُوۡنَОКУЛУШУ: РАББИ НАЖЖИНИЙ ВА АХЛИЙ МИММАА ЯЪМАЛУУН». (26:170)
Котормосу: «Эй, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алар кылып жаткан иштеринен куткаргын». («Аш-Шуъараа» сүрөөсү:170)