Германиянын 39-Жылдык Жыйыны (Жалса Саланасы) Карлсруэ шаарында башталууда
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германиянын 39-Жылдык Жыйыны (Жалса Саланасы) Карлсруэ шаарында башталууда

Азирети Мырза Масрур Ахмад тарабынан үч күндүк аземге төрт кайрылуу жасалат

Бүгүн бир аз убакыт мурда эле Ахмадия Мусулман Жамаатынын бүткүл дүйнѳлүк Жетекчиси, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас)дын 5-халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (Алла таала Ѳзү ага Жардамчы болсун) окуган ыйманды күчөтө турган жума кутбасы менен Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын 39-Жалса Саланасы (Жылдык Жыйын) башталган. Кутбасынан бир аз убакыт мурда эле ал киши Ахмадия Мусулман Жамаатынын желегин көтөрүп, ырасмий түрдө аземди ачты, ошол эле учурда Германиянын желеги да көтөрүлгөн.

Germany-JalsaSalana-2014-Day1-2

Жыйырма чакты өлкөлөрдөн 30000ге жакын делегаттардын үч күндүк аземге катышуусу күтүлүлүүдө. Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) ишенби күнү мусулман эмес конокторго жасай турган англис тилиндеги кайрылуусу менен бирге төрт кайрылуусун жасайт.

Ал киши өзүнүн жума кутбасында Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү, Убада Кылынган Мессия жана Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) негиз салган Жалса Салана (Жылдык Жыйын) деген аземдин маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылган.

Germany-JalsaSalana-2014-Day1-3

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Алла тааланын берешендиги менен жыл сайын Жылдык Жыйынга катышуучулардын саны өсүп бара жатат. Албетте, ошондой болушу керек болчу, анткени Азирети Имам Махдий(ас) өзүн ээрчигендерге буга катышууга улам-улам насаат кылган эле».

Ал киши мындай деди: чындыгында Германияда Жылдык Жыйынды өткөрүү – бул өтө чоӊ бактылуулук, анткени Пакистанда 30 жылдан бери Ахмадия Мусулман Жамаатын түздөн-түз бутага алган ырасмий түрдөгү чектөөлөр Ахмадий мусулмандардан ушул акысын тартып алган.

Germany-JalsaSalana-2014-Day1-4

Ахмадия Мусулман Жамааты Пакистанда беттешип келе жаткан кыйынчылыктардан сөз кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) мындай деди:

«Мен Пакистандан келген кээ бир Ахмадий мусулман коноктор менен жолуккан учурда алар толкунданып кетишти жана тез арада дагы бир жолу Жылдык Жыйынды өткөрүү мүмкүнчүлүгү бизге насип этсин деп дуба суроого өтүнүштү. Демек, мен Пакистандагы Ахмадий мусулмандарга кайрадан айтат элем: эгер силер беттешип келе жаткан сыноолордон кутулууну кааласаӊар, анда Алла тааланын алдында намазда саждаларга жыгылгыла».

Ал киши мындай деди: Ахмадий мусулмандар үч күндүк Жылдык Жыйындын учурунда өзүлөрүн руханий жактан көтөрүүлөрү керек жана Жыйын бүткөн соӊ алар ээлеген бардык оӊ өзгөрүүлөрдү келечек жашоолорунун зарыл бөлүгүнө айландыруулары лаазым.

Азирети Мырза Масрур Ахмад(аба) Германиядагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын көӊүлүн меймандостуктун маанилүүлүгүнө да бургузган. Ал киши мындай деди: Азирети Имам Махдий(ас) коноктордун меймандостугуна баса белгилеп насаат кылган эле.

Ал киши Жылдык Жыйындын ийгиликтүү аяктоосуна дуба кылды.

Ал кишинин жума кутбасы бүткөн соӊ кээ бир Ахмадий мусулмандар Жылдык Жыйынга катышкандыгы үчүн кубанганын билдиришти.

Германиянын тургуну Садык Ахмад Батт мырза (24) мындай деди:

«Мен алдын ала абдан руханий айлана-чөйрөнү сезип жатам. Биз болгону халифабызды көрүп, анын артында намаз аткарууну эле каалайбыз. Ал эми Жалсада адам өзүнүн кандайдыр бир башка дүйнөдө экенин сезет».

Нигериядан келген Тохиб Ажибола мырза (23) мындай деди:

«Бул – бардыгыбыздын бири-бирибиз менен чогуу болуубузга жана Халифанын артында чогуу намаз аткаруубузга өтө чоӊ мүмкүнчүлүк. Ошентип, биз кудум эле бир үй-бүлө сыяктуу биригип, ушул көрүнүш ыйманыбызды дагы да күчөтүүдө».

Германиянын тургуну Насир Ахмад мырза (35) мындай деди:

«Мен ушул Жалса Саланадан үйрөнө турган бардык жакшы нерселерди келечек жашоомдун зарыл бөлүгүнө айландырам деп ал кишиге сөз берем».

Буга чейин ал киши жергиликтүү бир журналистке кыскача маек берип, ага төмөнкүлөрдү маалымдады: бул азем Ахмадий мусулман делегаттардын руханий деӊгээлин көтөрөт.

Germany-JalsaSalana-2014-Day1-5

АЯГЫ

Кошумча маалымат үчүн: press@ahmadiyya.org.uk

Катталган дарек: 22 Deer Park Road, London, SW19 3TL UK

Tel/Fax: 020 8544 7613 Mob: 077954 90682

Email: press@ahmadiyya.org.uk

Press Secretary AMJ International

(Эл аралык Ахмадия Мусулман Жамаатынын басма сөз кызматы боюнча катчысы)

Share via