Азирети Мырза Тахир Ахмад • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Азирети Мырза Тахир Ахмад

Азирети Мырза Тахир Ахмад

Убада кылынган Масийх жана Махдийдин төртүнчү Халифасы

Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) Эларалык Ахмадия Мусулман Жамаатынын төртүнчү руханий Жетекчиси. Ал Азирети Индиянын Кадиян деген жеринде 1928-жылдын 18-декабрында жарык дүйнөгө келип, алгач Индия жана Пакистанда жогорку диний окуу жайларында билим алган. Кийинчерээк «Лондондогу ориенталдык жана африкалык окуулар мектебинде» окуган.

Ал Азирети Ахмадия Мусулман Жамаатынын борбору Рабвахта (Пакистан) Жамааттын ар кандай маанилүү жана жооптуу кызматтарында иштеген.

1982-жылы 10-июнь күнү үчүнчү Халифа дүйнөдөн кайткандан кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын төртүнчү Халифасы болуп шайланган.

1984-жылы Пакистанда Ахмадия Жамаатынын дин эркиндиги тепселенип, өлкөдө үгүт жана таалим-тарбиялык иштерин аткарууга мүмкүн болбой калгандыктан Лондон шаарына келген.

Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах)тын жыйырма бир жылдык Халифат доорунда Ислам-Ахмадияттын өсүп-өнүгүүсүнүн жаңы жолдору ачылды. Дүйнөдөгү түрдүү тилдерде Курани Карим котормолору жана башка Ислам адабияттарынын басылышы, ошондой эле Ахмадия Мусулман Телевидениясынын (МТА) ачылышы, өңдүү иштери анын ыйык доорунда жүзөгө ашкан. Ал ар түрдүү өлкөлөрдөгү университеттерде жана илимий жыйындарда бир топ маанилүү темаларда докладдарды окуган. Колуңуздагы ушул «Исламдын элементардык окуусу» деген китепче анын Испаниядагы Севилле Университетинде жасаган докладынын кыргызча котормосу.

Ал Азирети урду жана англис тилдеринде жыйырмадан ашуун эмгектерди жазган. Алардын айрымдары бир нече жолу жана бир топ тилдерде басмадан чыккан. «Гомеопатия – табигый дарылоо», «Алланын аты менен кан төгүү?», «Ислам заманбап суроолорго жооп берет», «Вахий-аян, акыл, билим жана чындык» аттуу эмгектери окурмандардын кызыгуусун туудурган. Бул китептердин айрымдары жакында англис жана орус тилдеринде басмадан чыккан. Ал Азирети урду тилинде бир топ диний ырларды да жазган.

Ошондой эле Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах) жума кутбаларынан тышкары, илимий, таалим-тарбиялык темаларда жүздөгөн лекцияларды окуган жана миңдеген «суроо-жооп» жыйындарына да катышкан.

Ал Азирети Лондон шаарында 2003-жылы 19-апрель күнү каза болгон.

Share via