Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)

Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)

Убада кылынган Масийх жана Махдий

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсүнүн аты Азирети Мырза Гулам Ахмад эле. Ал кишинин атасынын аты Мырза Гулам Муртазаа, чоӊ атасынын аты Азирети Мырза Атаа Мухаммад жана чоӊ атасынын атасынын аты Мырза Гүл Мухаммад болчу. Ал кишинин апасынын аты Азирети Чыраг Бүбү болчу.

Ал киши абдан ардактуу монгол үй-бүлөсүнүн Барлаас деген уруусунан болчу. Ушул үй-бүлөнүн өзгөчөлөнгөн лакабы – бул мырза. Ошондон улам ушул үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн атынан мурда «мырза» сөзү жазылат. Бул үй-бүлөнүн улууларынын бири Мырза Хадийбек XVI кылымдын аягында Бабур падышанын бийлик доорунда Ата Мекени болгон Хурасанды таштап, эки жүзгө жакын адамдар менен Индияга келип, Биас дарыясына жакын жерге отурукташкан. Ушул жерде алар бир айылга негиз салып, ага «Ислам Пура» деп ат коюшту. Кийинчерээк ушул айыл «Ислам Пур Казий Махжий» атынан даӊкын чыгарды. Убакыт өтүшү менен адамдар «Казий Махжий» эле дей башташкан. Анан кийинчерээк «Махжий» сөзү да өчүп, «Казий» эле калды. Акырындап Кадиянга айланып кетти.

Кадиян Лахор шаарынан түндүк-чыгыш жакта чамасы 70 мил аралыгында Индиянын чыгыш Пенжаб деген облусунун Гурдаспур районунда жайгашкан. Ушул эле ыйык айылда Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Убада кылынган Масийх жана Имам Махдий Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) 1835-жылдын 13-февралында жарык дүйнөгө келген.

Share via