- کَالَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ کَانُوۡۤا اَشَدَّ مِنۡکُمۡ قُوَّۃً وَّ اَکۡثَرَ اَمۡوَالًا وَّ اَوۡلَادًا ؕ فَاسۡتَمۡتَعُوۡا بِخَلَاقِہِمۡ فَاسۡتَمۡتَعۡتُمۡ بِخَلَاقِکُمۡ کَمَا اسۡتَمۡتَعَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ بِخَلَاقِہِمۡ وَ خُضۡتُمۡ کَالَّذِیۡ خَاضُوۡا ؕ اُولٰٓئِکَ حَبِطَتۡ اَعۡمَالُہُمۡ فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ ۚ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡخٰسِرُوۡنَ ﴿۶۹﴾9 : 69 (Эй, мунафыктар! Бул азап) силерден илгери өткөндөргө (берилген жазага) окшош (болот); алар күч-кубатта силерден да алдуурак, ошондой эле дүнүйө-мүлк жана тукумдарда силерден да байыраак болгон; алар өз насибинен каалаганча пайдаланышты. Силерден илгери өткөндөр өз насибинен пайдалангандай, силер дагы насибиӊерден пайдаландыӊар. Жана кудум алар беймаани нерселерге берилгендей, силер дагы беймаани нерселерге берилгенсиӊер. Мына ошолордун амалдары дүнүйөдө дагы, акыретте дагы текке кетти жана мына ошолор чынында, зыян көрүүчүлөр.