- اَلۡـٰٔنَ خَفَّفَ اللّٰہُ عَنۡکُمۡ وَ عَلِمَ اَنَّ فِیۡکُمۡ ضَعۡفًا ؕ فَاِنۡ یَّکُنۡ مِّنۡکُمۡ مِّائَۃٌ صَابِرَۃٌ یَّغۡلِبُوۡا مِائَتَیۡنِ ۚ وَ اِنۡ یَّکُنۡ مِّنۡکُمۡ اَلۡفٌ یَّغۡلِبُوۡۤا اَلۡفَیۡنِ بِاِذۡنِ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ مَعَ الصّٰبِرِیۡنَ ﴿۶۷﴾8 : 67 Азырынча Алла силерге жүктү жеӊилдетти. Анткени Ал силерде али алсыздык бар экенин билет. Демек, эгер араӊарда жүз сабыр кылуучу болсо, алар эки жүз (киши)ни жеӊишет. Эгер араӊарда миӊ (сабыр кылуучу) болсо, алар Алланын буйругу менен эки миӊ (адам)ды жеӊишет. Алла сабыр кылуучулар менен бирге болот.