- وَ اِذۡ زَیَّنَ لَہُمُ الشَّیۡطٰنُ اَعۡمَالَہُمۡ وَ قَالَ لَا غَالِبَ لَکُمُ الۡیَوۡمَ مِنَ النَّاسِ وَ اِنِّیۡ جَارٌ لَّکُمۡ ۚ فَلَمَّا تَرَآءَتِ الۡفِئَتٰنِ نَکَصَ عَلٰی عَقِبَیۡہِ وَ قَالَ اِنِّیۡ بَرِیۡٓءٌ مِّنۡکُمۡ اِنِّیۡۤ اَرٰی مَا لَا تَرَوۡنَ اِنِّیۡۤ اَخَافُ اللّٰہَ ؕ وَ اللّٰہُ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ﴿٪۴۹﴾8 : 49 Жана шайтан (сыпатына ээ болгон бир адам) аларга (кылган) амалдарын сонун кылып көрсөтүп: «Адамдардын арасынан эч ким бүгүн силерди жеӊе албайт жана мен албетте, силерге паана берүүчүмүн», - деген(ин эстегиле). Анан эки тайпа бетме-бет болушканда, ал изине кайтты жана айтты: «Мен, албетте, силерге жоопкер эмесмин. Мен, албетте, силер көрбөй жаткан нерсени көрүүдөмүн. Мен Алладан коркомун. Алла жаза берүүдө абдан катуу».